Буларды билесиздерби?

Дүйнөдөгү эң узун таш көпүрөнүн Түркияда экендигин билесиздерби?

1924889
Буларды билесиздерби?

Дүйнөдөгү эң узун таш көпүрөнүн Түркияда экендигин билесиздерби?

Түркиянын Греция жана Болгария чек арасында жайгашкан Эдирнедеги  Эргене дарыясынын үстүнө 15 -  кылымда курулган Узункөпрү  дүйнөдөгү эң узун көпүрө. Осмон мамлекетинин алтынчы падышасы Султан 2 -  Мурат  тарабынан 1427 – 1443 -  жылдардын арасында курдуртулган Узункөпрү 1270 метрди ашкан узундугу жана 174 аркасы менен ушул кезге чейин келе алган дүйнөнүн эң узун таш көпүрөсү өзгөчөлүгүнө ээ.

Акиташ жана травертин сыяктуу таш блоктордон курулган бул көркөмдүү көпүрөдө  Орто Азиядан Балкандарга чейин кенен аймакта түрдүү маданияттарды ичинде камтыган Осмон мамлекетинин өнөр жана эстетикалык түшүнүгүнөн мотивдер да бар.  

Көпүрөнүн тирөөчтөрүндө жана арка таштарында да күчтүн символу болгон бир нече жаныбардын фигуралары менен өсүмдүк мотивдери бар. Бул жерде орун алган жаныбар фиргураларынан арстандын аркасында Айды чагылдырган аялдын башы бар. Башка бетинде болсо күчтү жана көпкө жашоонун символу болгон пилдин фигурасы орун алган.

Ушул  күнгө чейин колдонулуп келген көпүрөнүн бийиктиги эки жарым метр, туурасы төрт жарым метр болгон үч бурчтуу тарыхый сарай жана эки балкону бар. 2015-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Узункөпрүнүн зыян тартпашы үчүн ал күндөн бери оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө уруксат берилбейт.

 



Тектеш кабарлар