Дүйнөдө эң көп чай ичилген өлкө Түркия

Буларды билесиздерби-14

1914890
Дүйнөдө эң көп чай ичилген өлкө Түркия

Дүйнөдө эң көп чай ичилген өлкөнүн Түркия экенин билесизби?

Түркия чайдын мекени болбосо да эң көп Түркияда жактырылгандыгы талашсыз. Кытайда Дүйнөлүк чай комитети даярдаган отчеттун жыйынтыгына караганда, Түркия 3,5 килограмм менен дүйнөдө киши башына эң көп чай ичкен өлкөлөрдүн арасында биринчи орунда турат. Түркия дүйнөлүк чай өндүрүшүндө болсо бешинчи орунда…

 Түрктөр чайды Орто Азияда тааныганы менен чайдын Анадолуга келиши көп убакытты алган. Чай ичүү 19-кылымдын экинчи жарымынан кийин Анадолуда кеңири жайыла баштаган. Буга карабастан Осмон дөөлөтүндө кофе дайыма чайдан артык көрүлгөн, бирок согуштардан улам эл, кымбаттаган жана табуу кыйындаган кофеден куру кала баштаган. Республика жарыялангандан кийин Мустафа Кемал Ататүрк Түркияда арзаныраак жана оңой жетүүгө боло турган суусундук катары чайдын өстүрүлүшүн кубаттаган. 1924-жылы мамлекет тарабынан Ризеде чай өндүрүшүнө карата мыйзам кабыл алынган жана аймактык өнүгүүнүн камсыздалышы менен бирге Түркия чай өндүрүү жана керектөө жагынан дүйнөдө көрүнүктүү чекке жеткен.

Бүгүнкү күндө түрктөр үчүн чай бир гана суусундук эмес, күнүмдүк жашоодо да негизги социалдашуунун элементи болуп саналат. Чай берүү жана чогуу чай ичүү достуктун, меймандостуктун, сыпайылыктын белгиси. Чай күнүмдүк жашоодо суудан кийин эң көп керектелген суусундук болуу менен бирге, үй-бүлө мүчөлөрү же коноктор чогулуп жалпы баалуулуктарды бөлүшкөн өзгөчө күндөрдө, аземдерде жана иш-чараларда да берилет.



Тектеш кабарлар