Түркиялык тарыхчы Бахаеддин Өгелдин кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-5

1912077
Түркиялык тарыхчы Бахаеддин Өгелдин кыргыз таанууга кошкон салымы

 

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бүгүнкү чыгарылышында өз эмгектеринде кыргыздар менен Анадолудагы түрктөрдүн маданиятындагы окшоштуктарга байма-бай токтолуп, кыргыздардын өз маданиятын жакшы сактап калгандыгын жогору баалаган түркиялык илимпоз Бахаеддин Өгел  тууралуу кеп салабыз.

 Түркиялык тарыхчы, түрк калктарынын маданияты боюнча белгилүү адис Бахаеддин Өгел 1923-жылы Түркиянын Элазыг жергесинин Чаршы махаллесинде жарык дүйнөгө келген. Өгел 1945-жылы Анкара университетинин Тил, Тарых жана География факультетинин Тарых бөлүмүн аяктаган. Ушул эле жылы Эрзурум лицейинде мугалим болуп эмгектене баштаган. Ал 1948-жылы Анкара университетинин Тил, Тарых жана География факультетинде «Уйгур мамлекетинин курулушу» аттуу доктордук диссертациясын жактап, кенже илимий кызматкер катары эмгек жолун уланткан. Бахаеддин Өгел Иран, Германия, Тайванда илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Өгел алман, англис, француз, перс, кытай, монгол жана орус тилдерин билген.

Бахаеддин Өгел өз эмгектеринде Енисей руник жазуулары жана кыргыз тили боюнча өзүнүн пикирлерин жазган. Анын пикири боюнча, кыргыздар жашаган аймак руник алиппеси жаралып, өнүктүрүлгөн аймак болгон. Ал кыргыз тилинин нагыз түрк тили экендигин баса белгилеген. Өгел өз эмгектеринде кыргыздардын эски калк экендигин жана алардын колдонгон сөздөрүнүн көөнө түркчөгө аябай жакын экендигин чагылдырган.

Өгел эмгектеринде кыргыздардын макал-лакаптарын байма-бай колдонгон. Автордун кыргыз макал-лакаптарын түркчөгө жалпы жонунан мыкты которгонун белгилей кеткен абзел.  Өгел кыргыздардын «Өлбөгөн киши алтын аяктан суу ичет» деген макалы менен колунда идиш кармаган балбалдардын байланышы болуп-болбогонуна да кызыккан.

Бахаеддин Өгел Анкара университетинде кенже илимий кызматкер болуп иштей баштаган 1948-жылы эле Минусин аймагынын маданиятына «Кыргыз маданияты чөйрөсү» деген баасын берген. Өгел эмгектеринин биринде Енисей кыргыз маданиятынын тамырынын Алтайга барып такалаарын билдирген.

Өгел өзгөчө комуз боюнча көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Өгел, диний ритуалдарда добулбас колдонгон шамандардан айырмаланып, кыргыз бакшыларынын үч кылдуу комуз колдонушканын жана алардын комуз чертип чөйрөсүндөгүлөрдү транска киргизүүгө аракет кылышканын айткан. Өгел өз китебинде атайын бир бөлүмдү кыргыз комузуна арнаган. Анын пикири боюнча, түрк комуздарынын эң эски формасы Енисей аймагында болгон жана буга «komıs» (комыс) делген.

Илимпоздун пикири боюнча, орто азиялык көчмөндөр малдарынын аркасынан көчүп жүрүшкөн эмес. «Алардын малдарын жайлоодо малчы, чабандары карашкан. Мындай жашоо образын «Манас» эпосу эң мыкты чагылдырган. Булардын башчылары да болгон. «Манас» эпосундагы койчу, малчылардын башчысына Кара Бек дешкен. Көчмөндөрдүн көчүп коно турган, мал кайтара турган жерлери белгилүү болгон»- деп жазган Өгел.

Бахаеддин Өгел, «жапа тырмак» сөзү боюнча төмөндөгүдөй кызыктуу түшүндүрмөнү берген: «Yapa» (йапа), «tırmık» (тырмык) деген сөздөр - түркчөдө кырманда колдонулган шаймандардын аттары. Кыргыздарда бул эки сөздүн биригишинин натыйжасында жаралган «жапа тырмак» деген сонун сөз бар. Анадолуда колдонулган кетмен «çapa» (чапа) деген сөз да ушундан келсе керек.»

Илимпоздун пикирине ылайык, кыргыздарда «төшөк салар», «төшөк талашуу» жөрөлгөлөрү, «төшөк жаңыртуу» түшүнүгү болгон. Кыргыздар бир кишилик төшөктү «carımçak» (жарымчак) дешкен экен. Кыргыздардын түшүнүгү боюнча киши үй-бүлөө күтүп бала-чакалуу болгонго чейин жарым болуп эсептелген.

Жыйынтыктай турган болсок,  Бахаеддин Өгелдин эмгектеринде кыргыздарга тиешелүү көптөгөн кызыктуу маалыматтар жана пикирлер бар. Өгел кыргыздардын тарыхы жана маданиятына өзгөчө кызыгып изилдеген десек жаңылышпайбыз.

Программаны даярдагандар; Абрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Ögel, B., “M.S. VI. Yüzyıldaki Kırgızlar’a Ait Kaynaklar Arasındaki Çelişkiler ve Sebepleri”, X. Türk Tarih Kongresi, 22-26 Eylül 1986, Ankara.

Bulduk, Üçler, İsakov, Abdrasul, “Bahaeddin Ögel ve Kırgızlar Hakkındaki Düşünceleri (Tarih, Şecere, Mit ve Destanlar)”, Türk Tarihi Araştırmaları, 4(1), Ordu 2019, pp. 124-142.

Абдыкулова Р., Түрк тарыхчысы Бахаеддин Өгел жана анын эмгектеринде кыргыздарга тиешелүү маалыматтар// Кыргыз каганаты түрк элдеринин орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын алкагында: Борбордук Азиядагы Улуу Кыргыз каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган II эл аралык илимий жыйындагы баяндамалардын жыйнагы. 2013-жылдын 15-16-ноябры. Бишкек 2014. 384-387-б.

Булдук, Үчлер, Исаков, Абдрасул. Бахаеддин ϴгел жана анын кыргыздар боюнча пикирлери (тил, маданият, музыка, айыл чарба), Түркияда кыргыз таануу. Ed. Guldana Murzakulova. Ankara: Bengü 2019, pp. 163-184.

Булдук, Үчлер, Исаков, Абдрасул. Бахаеддин Өгел жана анын кыргыздар боюнча пикирлери (тарых, санжыра, миф, дастандар), Энесей кыргыз каганатынын тарыхын изилдеген илимпоз Муратбек Кожобековдун 60 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз каганат тарыхы жана кыргыз таануу маселелери” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары, 23.11.2018, Bishkek: Muras 2018, pp. 178-187.

 

 



Тектеш кабарлар