Ыспарта роза майы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-11

1909000
Ыспарта роза майы

Ыспарта роза майы

Катталган датасы: 07.03.2019

Роза өсүмдүгү Түркиянын Жер Ортолук деңизинде жайгашкан Ыспарта шаарынын символу болуп саналат. Тарыхта көптөгөн тармактарда колдонулган роза, ошол эле учурда роза майынын да чийки затын түзөт. Түркияда роза гүлүнүн 25 түрү бар болгону менен Ыспарта розасы өнөр жай тармагында колдонула турган эң түшүмдүү түр болуп саналат. Роза майы 2019-жылы Ыспарта товар биржасынын кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө киргизилген. Роза өсүмдүктөрү мелүүн климаттуу, абасы таза, күн тийип турган, жазында кургакчылык жана үшүк болбогон, гүлдөө учурунда шүүдүрүм түшкөн аймактарды жакшы көрөт. Гүлдөө мезгили аяктаган июль айында роза гүлдөрү кол менен бир-бирден терилгенден кийин дистилляциялоо үчүн «имбик» деп аталган дистилляциялык казандарга суу куюлуп кайнатылат. Бул ыкмада имбиктин ичине болжол менен 45 литр сууга 15 килограмм роза гүлдөрү салынып, эки саат кайнатылат. Бул процесс 3 жолу кайталангандан кийин суу менен майды бөлүп алуу үчүн аралашма акыркы жолу дистилляцияланат жана болжол менен 15 литр роза майы алынат. Ыспарта роза майы косметика тармагында жана десерттерде колдонулат.



Тектеш кабарлар