Сергей Суровикин жана жок кылуу стратегиясы

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун баа берүүсү.

1905562
Сергей Суровикин жана жок кылуу стратегиясы

Россиянын басып алуу аракети менен башталган Россия  -  Украина согушу болгон ылдамдыгы менен  улантылып, 1000 километрдик аралыкта бири бирин бутага алууну улантууда. Бирок өзгөчө акыркы жумаларда Украина армиясынын Харьковду алышы менен пайда болгон кыймылды орустар тең салмактагандай. Өзгөчө орус командир Сергей Суровикиндин Украина согушун башкарган «Бириккен Аскредик күчтөр командирлигине» келгенден кийин Россиянын Сириядагы айрым тактикаларын Украина согушунда колдонушу таасирдүү болду.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүү.

Украинада болуп жаткан согуш тогузунчу айына кирип, орустар үчүн жакшыга карай бара жатандыгын айтууга болбойт. «Чагылган» операциясы менен Киевди алуу максатынан конвенционалдык басып алуу аракети, акырында колго алынган жерлерди коргоо аракетине өткөн. Өзгөчө Харьковдо учураган жеңилүү орустардын маанайын чөктүрүп, кыска убакытта Херсонду да алдырары  сөз боло баштады. Бирок Путин акырында маанилүү бир кыймыл кылып аянтта согушту башкарган командир жана стратегияны өзгөрттү.

Россиянын коргоо министрлиги Украинада согушкан бөлүктөрдү камтыган «Бириккен Аскердик Күчтөр командирлигинде» өзгөртүүлөрдү киргизди. Россиянын аба күчтөрү командири Сергей Суровикин Украинада согушкан бөлүктөрдүн жаңы командири катары дайындалды. Суровикин 1990 -  жылдарда Тажикстан жана Чеченстандагы кагылышууларда кызмат кылса да  негизинен  Сирияда аты чыкты.

Россия  2015 -  жылы сентябрь айында түздөн түз жарандык согушка аралашып, Сириянын мамлекет башчысы Башар Асад бийлигин кулоодон сактап калды. Орустар Сирияда ДЕАШ террордук уюму менен күрөшүү үчүн согушка киргендигин билдирсе да жалпысынан оппозицияны  бутага алды. Серей Суровикин Сирияда  орус аба командири катары дайындалды жана  “scorched earth” (күйгүзүлгөн жер) деп аталган оор бомбалоодо пайда болгон кыйратуу стратегиясын ишке ашырды, бул жерде негизги максат бардык структураны жок кылып душманды багынууга мажбурлоо же тийиштүү аймактарды адамдардан тазалап, аскердик жеңишке жетишүү болгон. Сирияда  миңдеген жаран бул абадан бомбалоодо каза болду.

Суровикин Сириядагы миссиясынан кийин 2017-жылдын ноябрында Россиянын  авиация - космостук бөлүктөрүнүн башчысы болду. Азыр ал Украина согушунун негизги командири. Бул чечим чечен лидер Рамазан Кадыров менен Россия  борбору болгон жалданма аскердик топ Вагрендин куруучусу Евгений Пригожин тарабынан да кубанычтуу кабыл алынды. Суровикиндин дайындалышынан кийин Россиянын согуштук стратегиясы өзгөрө баштады жана оболу Украинанын инфраструктурасын бутага ала тургандай түрдө  ракеталар менен камикадзе дрондор  активдүү колдонула баштады. Зеленскийдин билдирүүлөрүнө караганда Украинанын электр инфраструктурасынын кеминде 30 пайызы жок кылынган.

Бул стратегия Украина армиясынын фронттогу кыймылын акырындатып, бир тараптан запастагы жоокерлердин фронтко алып келиниши орустардын адам ресурстары жагынан колун күчтөндүрүп, фронттун артындагы инфраструктуранын бутага алынышы Украина аскерлеринин маанайын буза баштады.  Акырында Суровикиндин дайындалышы жана ишке ашырылган жаңы стратегия менен орустар мурдагы чачыранды көрүнүшүнөн кутула баштады. Орус армиясы азыр коргонуу абалында болсо да Херсон башта болгон 1000  километрдик линияда дагы жакшы туруштук көрсөтө  баштады. Бирок ошентсе да жалпы мааниде орустардын кемчилиги бар. Өзгөчө батыштык өлкөлөр берген курал системалары алдында орустардын өз техникасын ошол эле ылдамдыкта алмаштыруу мүмкүнчүлүгү алсызыраак көрүнөт.  Кыш  айларынын келиши менен эки тарап үчүн дагы оор мезгил башталууда.



Тектеш кабарлар