Догубаязыт Абдигөр котлети

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-7

1894480
Догубаязыт Абдигөр котлети

Догубаязыт Абдигөр котлети

Катталган датасы: 30.10.2020

«Абдигөр котлети» Түркиянын Чыгыш Анадолу аймагындагы Агры облусунун Догубаязыт районунда жайгашкан Исхакпаша тарыхый сарайынын курулушунда орун алган Чолак Абди Пашанын ысымынан алган. Догубаязыт Соода жана өнөр жай палатасынын кайрылуусу менен 2017-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген. Абдигөр котлетин берки котлеттерден айырмалаган негизги өзгөчөлүгү өндүрүш процессинин узак жана эмгекти көп талап кылуусу. Котлетти жасоодо «Сал» деп аталган таш доскага уйдун эти жайылып, бир чымчым туз салынат жана жыгач балка менен 1 сааттай жанчылат. Этти жанчып жатканда чыккан тарамыштар да тазаланат. Жанчылган этке майдаланган пияз кошулуп дагы бир азга жанчылат. 15 мүнөт тыныккан этке жумуртка, суу кошулат. Ошол эле учурда казанга 3 литрдей суу кайнатып, ага бир аз туз кошулат. Эт аралашмадан тоголоктоп үзүп алып акырындан сууга салынат. Бышканча жай отто кайнатылган «Абдигөр котлети» күрүч палоосу менен ысык берилет.



Тектеш кабарлар