Тозоктун каалгалары ачылды

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1893232
Тозоктун каалгалары ачылды

        Крымды Россия менен байланыштырган Керчь көпүрөсүнүн атылышы Украина  -  Россия согушунда жаңы мезгилди баштап, Россия күтүлгөндөй эле бул кол салууга катуу жооп кайтарып, ракеталар менен Киев жана бир топ Украина шаарын атты. Медведев мындан мурда да  баса белгилегендей  Керчке жасала турган бир кол салуу Украина үчүн тозоктун каалгаларын ачмак жана ошондой да болгондой көрүнүүдө. Эки тарап тең чыр  - чатакты күчөтүп, дипломатиялык жана саясий жактан да кагылышуулардын токтотулуу ыктымалы да азайып баратат.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

    Украина  - Россия согушу  болгон ылдамдыгы менен улантылып,  2022 -  жылдын 8 -  октябры эрте мененки сааттарда Россия 2014 -  жылы аннексиялаган Крымды Россияга байланыштырган Керчь көпүрөсүндө катуу жарылуу болду. Көпүрөдөгү мунай ташыган бир поезд өрттөнүп, көпүрөнүн транспорт ташыган бөлүгүнүн кыйрагандыгы байкалды. Кол салуунун кандай болгондугу тууралуу түрдүү сценарийлер ортого салынса да Россия ичине бомба жайгаштырылган бир жүк ташуучу машинанын жарылгандыгын билдирди. Путин  : «Бул Россия Федерациясынын орчундуу мааниге ээ жарандык структурасын жок кылууну максат кылган террордук кол салуу. Муну ойлонгон, ишке ашырган жана буюртма берген Украина чалгындоо кызматы»,- деди.

   Европанын эң узун көпүрөсү болгон Керчь көпүрөсү Россия мыйзамсыз аннексиялаган  Крымды Россия менен байланыштырган  стратегиялык жер. Баасы 3,5 миллиард долларды түзгөн Керчке төрт автожол жана бир темир жол кирет. Крымда жашаган жарандардын бардык муктаждыктары менен Херсондогу орус баскынчы күчтөрүнүн логистикасы да ушул жерден камсыздалат. Көпүрө стратегиялык баалуулугунан тышкары Россия жана Путин үчүн символикалык жактан да чоң мааниге ээ. Ал дээрлик бүт орус оккупациясынын символдоштурулган эстелиги катары каралууда. Ошондуктан, Путиндин туулган күнүндө көпүрөнүн бомбаланышы абдан маанилүү болуп, бардык көздөр  Россиянын бере турган жообуна бурулду.

  Мындан мурда Россиянын Коопсуздук Кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев Керчь жана Крымга боло турган ыктымалдуу кол салуунун Украина үчүн тозоктун каалгаларын ачарын баса белгилеген. Күтүлгөндөй да болду. Орус армиясы бир канча күндөн кийин Киев жана бир топ Украина шаарын ракеталар менен бутага алып, жалпы жүздөн ашуун ракета  колдонулган кол салууда бир нече маанилүү инфраструктура өзгөчө термикалык станциялар бутага алынды. Жарандар да атылган бул кол салуулардын согуштун жүрүшүндө түздөн түз  таасири болбосо да Россиянын Керчке карата кол салууга таасирдүү түрдө жооп кайтарганы байкалды.

  Эки күнгө созулган ракеталык кол салуулардын  Россияга  алып келген чыгымы кеминде 1 миллиард доллар деп эсептелүүдө. Албетте Украинанын инфраструктурасы дагы көп чыгымга учурады. Бирок алдыбыздагы турган маанилүү суроо орустар үчүн ракеталык кол салуулар канчалык туруктуу боло алат? Жасалган баа берүүлөр орус армиясынын инвентарында стратегиялык баага ээ ракеталардын ылдам түгөнүп бара жаткандыгы жана орус коргонуу өнөр жайынын тышка да көз каранды болгон ракета системаларын жетеринчелик ылдамдыкты өндүрө албагандыгы багытында. Ансыз да согуштун жүрүшү боюнча орустардын бул системаларды аз колдонгондугу байкалууда. Фронт линияларына анча таасири болбой турган бул кол салуулар орус армиясынын моралдык жана мотивациясын арттырган болушу мүмкүн. Украин армиясынын Херсондогу алдыга жылышы акыркы күндөрү токтоп калгандай. Айрыкча батыш өлкөлөрүнүн Украинага аскердик колдоосу күчөп жатканын эске алганда жарым - жартылай мобилизациялоо чечиминен кийин Украинага которулган жаңы орус күчтөрү тең салмактуулукту жаратабы же жокпу азырынча белгисиз.  Бирок, эки тарап үчүн согуштун күчөгөнү чындык. Керчь чабуулу жана андан кийинки окуялар бул согуштун оңой-олтоң бүтпөй турганын көрсөтүүдө.  



Тектеш кабарлар