Азербайжандын президентинин Европага иш сапары

Евразия күндеми-2 /2022

1877661
Азербайжандын президентинин Европага иш сапары

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Азербайжандын президентинин Европага жасаган иш сапары тууралуу кеп салабыз.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев үстүбүздөгү жылдын 31-августунан 2-сентябрына чейин Европа өлкөлөрүндө иш сапары менен болду. Президент Алиевдин Европага болгон иш сапары бир нече жактан маанилүү болуп саналат.

31-август күнү президент Илхам Алиев Брюсселге барып, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен үч тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Азербайжан-Армения тынчтык сүйлөшүүлөрү талкууланды. Төрт саатка созулган жолугушуунун жыйынтыгында лидерлер тышкы иштер министрлеринин жетекчилигинде бир айдын ичинде эки тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоону макулдашышты. Президент Алиев эгер Армениянын администрациясы саясий эрктүүлүктү көрсөтө алса, жакын арада эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишими түзүлүшү мүмкүн экенин билдирди. Алиев менен Пашинян ноябрда кайрадан жолугушат.

1-2-сентябрь күндөрүндө Италиянын Президенти Сержио Маттарелланын чакыруусу боюнча Президент Алиев Италияга иш сапары менен барды. Расмий тосуп алуу аземинен кийин Алиев Италиянын президенти Маттарелла жана Италиянын премьер-министри Марио Драги менен өзүнчө-өзүнчө жолугушту. Жолугушууда энергетика тармагындагы жана башка эки тараптуу кызматташуу талкууланды. Италия Азербайжандын Европадагы эң ири соода өнөктөшү болуп саналат.

Президент Илхам Алиев Италияга болгон иш сапарынын алкагында Азербайжандын Римдеги элчилигинин жаңы имаратын ачты. 2-сентябрда бул имаратта Азербайжан-Италия университетинин негиздөөчү өнөктөштөрүнүн ортосунда кызматташуу келишимдерине кол коюлду. Италиянын беш алдыңкы университети Азербайжанда айыл чарба жана жаңы технологиялар сыяктуу тармактарда кызматташат. Аталган университеттин имараты 2022-жылдын 2-апрелинде курула баштаган эле, курулуш иштерин 2024-жылы бүткөрүү пландалууда. Президент Алиев элчиликтин карамагындагы Азербайжандын маданий борборун ачууну тапшырды.

2-сентябрда президент Алиев Италиянын Черноббио шаарында өткөн кырк сегизинчи эл аралык форумга негизги баяндамачы катары катышты. Президент Алиев «Азербайжандын энергетикалык коопсуздукту камсыздоодогу ролу» деген темада сөз сүйлөдү. Алиев Черноббиодо италиялык медиага  кеңири маек да берди.

Карабах проблемасы чечилгенден кийин Түштүк Кавказдын эл аралык аренадагы мааниси ого бетер өстү. Транзиттик өлкө катары Азербайжан чыгыш менен батыш өлкөлөрүнүн көңүлүн өзүнө бурууда. 2022-жылдын 18-июлунда Азербайжан Европа Биримдиги өлкөлөрүнө энергия экспортун эки эсеге көбөйткөн жаңы келишимге кол койгон эле. Азербайжан Европа өлкөлөрүнүн ичинен  эң көп Италия менен кызматташууда. Баку менен Рим коопсуздук жана коргонуу өнөр жайы тармагында кызматташып келе жатат.

Азербайжанда көптөгөн италиялык компаниялар иш алып барууда. Азербайжан энергия булактарын Европа өлкөлөрүнө эки эсе көп экспорттоону максат кылып жаткан учурда Италияны  аймактагы бөлүштүрүүчү борбор катары кароодо. Италия да Карабахтын  реконструкциясында активдүү роль ойнойт.

Жыйынтыктап айтканда, президент Илхам Алиевдин Европага болгон иш сапары Армения менен тынчтык келишимине кол коюу жагынан да, Европа өлкөлөрү менен кызматташууну активдештирүү жагынан да пайдалуу болду.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар