Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Монголияга жасаган иш сапары

Евразия күндеми-51

1869737
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Монголияга жасаган иш сапары

Ардактуу окурмандар! Азыр сиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин Монголияга жасаган иш сапары тууралуу кеп салабыз.

Үcтүбүздөгү жылдын 8-августунда БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Президент Ухнаагийн Хүрелсухтун чакыруусу менен Монголияга расмий иш сапары менен келди. 9-август күнү Монголиянын Президенти БУУнун Башкы катчысын Улан-Батор шаарында расмий азем менен тосуп алды. Расмий тосуп алуу аземинен кийин президент Хүрелсух менен БУУнун баш катчысы тет-а-тет форматында жолугушуу өткөрүштү.

Иш сапардын алкагында БУУнун баш катчысы Гутерриш Монголиянын парламентинин спикери Занданшатар Гомбожав, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюн-Эрдэнэ жана Монголиянын тышкы иштер министри Батмунх Батцэцэг менен өз-өзүнчө жолугушуу өткөрдү. Монголиянын тышкы иштер министри менен жолугушуудан кийин журналисттер үчүн басма сөз жыйыны болду. Антонио Гутерриш басма сөз жыйынында Монголиянын аймактык тынчтыкка кошкон салымын баса белгиледи. Эскерте кетсек, Монголия 2021-жылдын декабрында өзөктүк куралга тыюу салуу боюнча келишимди ратификациялаган. БУУнун Башкы катчысы ошондой эле Монголияны дүйнөдө гендердик теңчиликти камсыз кылууда үлгү катары көрсөтүүгө болорун билдирди.

Антонио Гутерриш иш сапарынын алкагында шаар сыртына чыгып, көчөт отургузуу иш-чарасына катышты. Монголиянын президенти тарабынан демилгеленген «миллион көчөт отургузуу» кампаниясын БУУнун Башкы катчысы колдогону Улан-Батордун бийлиги үчүн чоң мааниге ээ. Анткени кургакчылык жана чөлгө айлануу - Монголия үчүн да чоң көйгөй. Өлкөнүн сегиз гана пайызы токойдон турат, ал эми Монголиянын түштүк тарабы толугу менен чөлгө айланууда.

БУУнун Башкы катчысы БУУнун Улан-Батордогу кеңсесине да зыярат кылды. Бириккен Улуттар Уюмунун Улан-Батордогу Туруктуу кеңсесинде деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, аз өнүккөн өлкөлөрдү изилдөө борбору бар. Монголия сунуш кылган Түндүк-Чыгыш Азиядагы коопсуздук боюнча Улан-Батор диалогу уланууда. 2013-жылдан бери “Улан-Батор диалогунун” алкагында жети эл аралык конференция өткөрүлдү. Мындан тышкары Монголия БУУнун тынчтыкты сактоо миссиясына активдүү катышууда.

5-июнда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, ал эми 8-августта Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван Йи Монголияга иш сапары менен келишкен. Орусия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан Монголия тышкы саясатында бул эки өлкөнүн ортосунда калбоого аракет кылат. Ушул себептен Монголиянын “Үчүнчү кошуна” доктринасы жана БУУнун платформасы маанилүү болуп саналат.

Монголиянын премьер-министри Оюн-Эрдэнэ БУУнун баш катчысы менен жолугушууда өлкөнүн түндүгүнө курула турган ГЭСке саясий колдоо көрсөтүүнү суранды. Кытайдын кредити менен курула турган ГЭС долбоору Орусиянын ЮНЕСКОго даттануусунан улам токтотулган. Аталган ГЭС долбоору Монголиянын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу жагынан маанилүү. Анткени Монголия энергетика тармагында Орусияга көз каранды.

Дүйнөлүк саясатта жаатташуу күчөп турган мезгилде Монголия үчүн тышкы саясатта тең салмактуулук саясатын сактоо маанилүү. Бул жагынан алганда БУУнун Башкы катчысынын 13 жылдан кийин Монголияга иш сапары менен келиши Монголия үчүн маанилүү окуя болуп саналат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар