Түркия  - Греция чыңалуусу

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын бул тууралуу ой  -  пикири.

1845230
Түркия  - Греция чыңалуусу

 Президент Эрдогандын өткөн жумада болгон Эфес  2022  машыгуусунда сүйлөгөн сөзүндө берген маалыматтар жана Грецияны аскердик статуска ээ болбогон аралдарды куралдандыруудан баш тартууга чакыруусу, маселенин Түркия үчүн маанилүүлүгү жана мындан кийин так жана ачык позициянын кабыл алынаарынын көрсөткүчү. Бул процесс Түркия  -  Греция карым  - катнаштарында жаңы бир чыңалууну белгилегендей эле бир бурулуш жери да болууда.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын бул тууралуу ой  -  пикири.

Аралдардын  куралдандырылышы темасынын негизги күн тарип беренеси болушунун бир да себеби жок, процесс акырындык менен өнүгүп жатат. Грециянын Эгейде ишке ашырган мыйзамсыз аракеттери жана максималист саясатын Чыгыш Жер Ортолук деңизге алып барууну каалашы негизинен процессти ишке ашырды. Афинанын конъюнктураны колдонуу менен  Түркияга каршы фронт менен кыймыл кылып Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жаңы кыймылдарды аткарышы Анкарадан так бир жооп алды жана 2020 -  жылы болгон чыңалуунун натыйжасында Греция артка кадам таштоого мажбур болду. Түркия болсо бул процессте оболу Чыгыш Жер Ортолук деңизинде баштаган NAVTEXT билдирүүлөрүн Эгейге ташып аралдардын  аскердик  статусуна басым жасады жана дипломатиялык деңгээлде бул маселени кайрадан алдыңкы планга чыгара баштады.

Маселенин негизги күн тартип беренеси болушунда эки фактор таасирдүү болду. Булардын биринчиси Грециянын акыркы мезгилде бири биринин артынан таштаган агрессивдүү кадамдары. Акыйкаттан да Греция бир тараптан Франция менен коргонуу келишимин түзүп, АКШ менен аскердик келишимин мөөнөтсүз кылып, АКШга көп сандагы аскердик базаларды бөлүп берген. Бир тараптан да агрессивдүү жана ашыкча куралдануу саясатынын ичине кирди жана аралдардын аскердик эмес статусунун бузулушун турукташтыруу жана мыйзамдаштыруу үчүн бул аралдарды НАТО машыгууларына жана башка өлкөлөр менен машыгууларга катышууга аракет кылды. Бул кадамдарды таштап жатып Түркия менен саясий жана  кеңешүү сүйлөшүүлөрүн улантты бирок акыркы мезгилде Мицотакистин Түркияга каршы кадамдарын саясий жактан да жашырбашы  кыжырданууну күчөттү.

Экинчи фактор Түркиянын күч алган дипломатиялык жана аскердик активдүүлүгүн арттырууга байланыштуу. Акыркы жылдарда түрдүү фронттордо бир убакта олуттуу  кыйынчылыктарга туш болгон Түркия бул кыйынчылыктарга жооп кайтарды жана маанилүү ийгиликтерге жетишти. Украина кризисинде өзүнө таандык кыймылдар менен да Анкаранын  маневра аянты кеңейди.

Ушунун негизинде Грециянын акыркы кадамдарынан жыйынтык алуу мүмкүнчүлүгү Түркия үчүн жаңы кыйынчылыктарды туудуруу коркунучун жаратууда. Ушул себептен эки тараптуу карым-катнаштарда активдүү жана эффективдүү кадам катары аралдардын аскердик эмес статусун сактап калуу негизги күн тартибине айлангандай көрүнүүдө.

Түркия  -  Греция чыңалуусунан бир аскердик кагылышуу же согуштук сценарий түзүү үчүн азырынча эртедей көрүнүүдө. Бирок Грециянын  оболу аралдардын куралдандырылышы, Эгейде жана башка тармактарда таштаган жана таштай турган мыйзамсыз кадамдарга каршы Түркиянын мурдагыдай сабырдуулук көрсөтпөй тургандыгы да ачык. Ушул алкакта Түркиянын сөз болгон мыйзамсыз  кадамдарга каршы дипломатиялык, саясий жана аскердик кысымын күчөтөрү байкалууда. Абалдар чоң өлчөмдө Грециянын мындан кийин таштай турган кадамдарына жараша өзгөрөт.

 



Тектеш кабарлар