Буларды билесиздерби?

Пера Палас.

1836853
Буларды билесиздерби?

Стамбулдун тарыхый Пера Палас мейманканасынын белгилүү Orient Ekspres үчүн курулгандыгын билесиздерби?

1888 – жылы Парижден жолго чыккан жана 80 сааттык жолдон кийин Стамбулга келгенOrient Expressтин жүргүнчүлөрү жогорку мартабалуу бюрократтар, өнөрпоздор жана аристократтар болгон. Поездин тандамал жүргүнчүлөрү Стамбулга келгенде жогорку стандарттарда сапаттуу мейманканаларда болууну каалашкан бирок Стамбулда мындай мейманкана жок болчу. Бул боштуктун толтурулушу үчүн 1892 – жылы Пера Паластын курулушу башталды жана үч жылда бүткөрүлдү.

Мейманкана Стамбулдун маданий жана социалдык иш  -  чаралары көп өтөрүлгөн, кичи Европа деп аталган Бейоглунун Тепебашы аймагында орун алган. Стамбулдун эң көркөмдүү  курулуштарынын бири жана Түркиянын Европа стандарттарындагы алгачкы мейманканасы болгон Пера Палас 1895 -  жылы атайын бир өткөрүлгөн балл менен ачылат. Ошол эле учурда мейманкана Стамбулда осмондук сарайлардын тышында электр берилген; алгачкы элктрдүү лифт менен ысык суусу бар имаарат.

Биринчи Дүйнөлүк согушунан бери Стамбулда көптөгөн маанилүү окуяларга күбө болгон Пера Палас Түркияда болгондой эле эл аралык платформада да абдан маанилүү.



Тектеш кабарлар