“ИННОПРОМ. Борбордук Азия” эл аралык өнөр жай көргөзмөсү

Евразия күндеми-36

1824107
“ИННОПРОМ. Борбордук Азия” эл аралык өнөр жай көргөзмөсү

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте өткөн “ИННОПРОМ. Борбордук Азия” экинчи эл аралык өнөр жай көргөзмөсү тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 25-27-апрель күндөрүндө Ташкентте “ИННОПРОМ. Борбордук Азия” эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өттү. Көргөзмөгө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдөн, Германиядан, Кытайдан, Франциядан, Италиядан, Голландиядан, Түркиядан жана Венгриядан келген 1300дөн ашуун өкүл жана 200 ишкана катышты. Жарманкеге Өзбекстан, Азербайжан, Беларусь, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Орусия жана Тажикстандын министрлери менен министр орун басарлары, Евразия Экономикалык Биримдигинин расмий өкүлдөрү да катышышты.

Орусия Федерациясынын 9 аймагынын стенддери орун алды. Бул иш-чаранын алкагында металлургия, автомобиль тетиктерин өндүрүү, энергетика жана фармацевтика сыяктуу тармактардын продукциялары көргөзмөгө коюлуп, 20дан ашуун атайын сессия, панелдер жана тегерек стол чогулуштары өткөрүлдү. Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулар да уюштурулду. 27-апрель күнү студенттер менен жаш адистердин катышуусунда “ИННОПРОМ Университет” аталышындагы семинарлар болуп өттү. “ИННОПРОМ. Борбордук Азия” көргөзмөсүндө ондогон кызматташтык келишими жана меморандумуна кол коюлду.

25-апрель күнү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, өлкөгө иш сапары менен келген Беларустун премьер-министри Роман Головченкону кабыл алды. Бул жолугушууда эки өлкөнүн экономикалык алакалары талкууланды. Беларустун премьер-министри Головченко андан кийин Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Премьер-министр Роман Головченко анын иш сапарынын алкагында Беларус менен Өзбекстандын ортосунда 25 миллион доллардык келишимдерге кол коюлганын басма сөз өкүлдөрүнө билдирди.

 “ИННОПРОМ. Борбор Азия” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алгачкысы өткөн жылдын апрель айында өтүп, ага ондогон мамлекеттин өкүлдөрү катышып, көргөзмөгө келгендердин саны 10 миңден ашкан жана жалпы суммасы 3,2 миллиард долларга жеткен келишимдер түзүлгөн.

Дүйнөлүк банк апрель айында Европа жана Борбор Азия чөлкөмү боюнча экономикалык баяндамасынын соңку санын жарыялады. Бул баяндамада Орусия-Украина согушу акыркы эки жылдагы «экинчи чоң сокку» катары сыпатталган жана бул согуштун таасири менен Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө экономикалык төмөндөндөө болоору күтүлгөнү белгиленген. Экономикалык кризис менен күрөшүү жагынан “ИННОПРОМ. Борбордук Азия” көргөзмөсү сыяктуу иш-чараларды уюштуруу маанилүү болуп саналат.

Батыштын санкцияларына дуушар болгон Орусия жана Беларусь үчүн эл аралык өнөр жай жарманкеси сыяктуу иш-чаралар, аймактагы өлкөлөр менен болгон карым-катнаштарды дагы да бекемдөө жана санкциялардын терс таасирин минималдаштырууга өбөлгө түзүүчү мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу жагынан маанилүү. Ошондуктан Ташкентте өткөн өнөр жай көргөзмөсүнө карата орусиялык компаниялардын кызыгуусу чоң болду. Орусиянын 9 аймагынан келген делегациялар көргөзмөнүн алкагында Өзбекстандын облустарына да барышты. Орусия менен Өзбекстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү ишканаларынын ортосунда келишимдер түзүлдү.

Сөзүбүздүн соңунда айта кетчү жагдай, Өзбекстан акыркы жылдарда аймактык жана эл аралык иш-чараларды байма-бай өткөрүп жатат. “ИННОПРОМ. Борбордук Азия” Эл аралык өнөр жай көргөзмөсү - Өзбекстан үчүн гана эмес, региондогу бардык өлкөлөр үчүн пайдалуу иш-чара.

Программаны даярдаган; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар