НАТОнун татаал миссиясы

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын пикири.

1802393
НАТОнун татаал миссиясы

Россиянын Украинаны басып кириши  НАТО кансыз согуштан кийин бетме  - бет келген эң  масштабдуу маселелердин бири болду.

Коргонуу уюму катары Экинчи Дүйнөлүк согушунан кийин Советтер союзунун коркутууларына каршы Еврпанын коопсуздугун түзүү үчүн негизделген НАТО Россиянын Украинага карата кол салуусунан улам узун мөөнөттүү стратегиясын кайрадан карап чыгууга мажбур болду. Бул стратегиянын жактоочусубу же кол салуучу болобу, баш айланта тургандай көрүнүүдө.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.  

24 - мартта Брюсселде кезексиз жыйынга чогулган НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлеринин биринчи максаты - Украинадагы согуштун НАТОго мүчө өлкөлөрдүн бирине жайылышын алдын алуу. Бул учурда, өзгөчө Польшанын Орусиянын коркунучу алдында экендиги болжолдолууда. Анткени НАТОго мүчө көптөгөн өлкөлөр Украинанын Орусияга каршы турушуна колдоо көрсөтүү үчүн Польша аркылуу аскердик жардам беришүүдө. Бул абал Польшаны Орусия үчүн ачык бутага айлантты. Согушка коңшу болгон НАТОго мүчө башка өлкөлөрдө да ушундай эле тынчсыздануу бар.

Лидерлердин күн тартибиндеги дагы бир маселе НАТОнун стратегиялык максаттары кандай болот? 2030-жылга чейинки көз караш  документинин алкагында Орусия менен карым - катнаш саясатын жүргүзүүнү пландаган НАТО Украина кол салуусунан  кийин бул саясаттан баш тартууга аргасыз болот. Орусиянын экспансионисттик саясаты кайда тураары белгисиз. Бир тараптан алганда, Орусиянын кансыз согуштан кийинки НАТОнун экспансиясын токтотуу же ал тургай кайра артка кайтаруу талабы НАТОнун Орусияны коркунуч катары көрүшү үчүн жетиштүү. Бирок НАТОго мүчө өлкөлөрдү бул маселеде бир сапта деп айтуу кыйын. Брюсселдеги саммиттин мааниси мына ушунда. Орусиянын адилетсиз кол салуусуна  бардык мүчө мамлекеттер үндөрүн көтөрүштү, бирок конкреттүү кадамдар боюнча эч кандай демилге көтөрүлгөн жок.

НАТОго карата каршы чыгуулардын бири да мүчө өлкөлөрдүн коргонуу көлөмдөрүнүн арттырылышына карата аракет. Бул тууралуу көптөн бери жүргүзүлүп келе жаткан саясат сөз болуу менен бирге Россиянын кол салуусу бул саясатты ылдамдаткандай көрүнүүдө. Мүчө өлкөлөрдүн арасындагы куралданууга  эң аз инвестиция салган өлкөлөрдүн бири Германиянын да 100 миллиард евролук аскердик программаны башташы, алдыбыздагы мезгилде Европада куралданууну ылдамдата турган бир динамиканы пайда кылды. НАТО ошондой эле бардык мүчөлөрүнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыра турган биргелешкен программаларды көбөйтүүгө тийиш. Бирок НАТОго мүчө мамлекеттердин арасында жүрүп жаткан атаандаштык азыркы учурда көйгөй жаратышы мүмкүн.

Мисалы, АКШнын Түркияга киргизген эмбаргосу НАТОнун духуна каршы болуп, НАТОго мүчө башка өлкөлөрдүн Түркияга карата мамилеси альянстын биримдигине доо кетирүүдө. Түркия менен Грециянын ортосунда бир канча убакыттан бери уланып келе жаткан чыңалуу да мындан ары макулдашпас абалдан чыгышы керек. Ушул себептен Орусиянын кол салуусу  ушундай саясаттардан баш тартуу мүмкүнчүлүгү катары каралууда.

Орусиянын басып алуу саясаты Европанын коопсуздук архитектурасына гана таасирин тийгизбестен, дүйнөлүк саясатка терең таасир тийгизе  турган натыйжаны да жаратты. Бул согуштун эртерээк токтошу  бул таасирдин тереңдешине тоскоол болушу мүмкүн. Тескериси боло турган болсо  кенен масштабдуу  согуштун башталышынын белгиси болот.

 



Тектеш кабарлар