Украина согушунун Сирияга тийгизген таасири

СЕТАнын тышкы саяст боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1798214
Украина согушунун Сирияга тийгизген таасири

Россиянын Украинадагы кол салуу аракеттери улантылуу менен бирге орус армиясынын Украинадагы жоготуулары да артууда. Президент Владимир Путиндин акылга сыйбаган эсебинин жаңылыштыктарынын айынан Россияга эл аралык санкциялар салынууда. Путиндин Сириядан Асад режимине караштуу аскердик элементтерин Украинага алып бара башташы Украина согушунун Сириядагы ыктымалдуу жыйынтыктарынын күтүлгөндөн дагы эрте ортого чыгуу белгисин бере баштады.

СЕТАнын тышкы саяст боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Россия оңой олтоң жеңишке жетишүүнүн жолдорун издеп, Украина баткагына бата баштагандай көрүнүүдө. Согуштун үчүнчү жумасында да негизги шаарларды ала албаган, абадан үстөмдүгүн кура албаган орус армиясы менен бетме – бет келип турабыз. Орус армиясы партизандык типтеги кыйратуучу согушту жүргүзүп жаткан украин аскерлерине каршы чоң  жоготууларга учурады. Аскердик жактан караганда улантууга болбой турган абалдан сөз кылууга болот. Аянтта абал жакшы эмес, бирок Путиндин Жакынкы Чыгышта миңдеген ыктыярдуунун Украина согушунда орус армиясында орун алууну каалагандыгын айтышы, көңүлдөрдү кайрадан Жакынкы Чыгышка өзгөчө да Сирияга бурду. Путиндин Украинадагы авантьюрасынын албетте Сирияда да бир кесепети болмок бирок Асад режимине караштуу аскердик элементтердин Украина согушуна катышуусу процессти дагы да ылдамдатат.

Сирия аянтындагы күч динамикалары Россия ошондуктан Асад режимине карата өзгөрө баштайт. Россия аскердик жактан Украинага көңүл буруп жатып, Сириядагы аскердик техникасын өзгөчө тажрыйбалуу учкуч жана атайын күчтөрүн Украинага тарта баштады.  Вагнер компаненттери да Украинага барат. Мындан тышкары түрк коргоо өнөр жайынын Байрактар ТБ 2леринин  орус  конвенциялык күчүнө каршы ийгилиги  Түркиянын Сирияда да орустарга каршы колун күчтөндүрүүдө. Кысыктардын орус аскердик кемелерине жабылышы менен орустардын Сириядагы аскердик жүгү бир топ кыйындай баштайт. Албетте эл аралык экономикалык санкция астындагы орус экономикасынын Асад режимин  дагы канчалык колдой алары белгисиз.  

Албетте АКШ жана батыш блогунун Сирияга, бул жердеги орус аскерлерине жана анын союздашы болгон Асад режимине карата көз карашы  толугу менен өзгөрөт.  Режимдин Россиянын колдоосу менен эл аралык мыйзамдуулугуна кайрадан ээ болуу аракеттери эми мүмкүн болбойт. Сирияда саясий жана аскердик күч динамикалары эми Түркия менен Сирия оппозициясынын пайдасына көбүрөөк бурулат. Асад режиминин саясий чечүүчү жолго эмес, аскердик чечимге умтулуусу мүмкүн көрүнгөн вариант болбой калды. Бул жаңы теңдемеде көбүрөөк жеңилдиктерди жасоо менен саясий чечүүчү жол процессинин бир бөлүгү болушу керек, антпесе  жаңы аскердик варианттарга да туш болушу мүмкүн. Украина согушунун узарышы жана тереңдеши Сириядагы тең салмактуулукту ушул негизги себептердин тегерегинде бекемдейт.



Тектеш кабарлар