Орусия менен Батыштын ортосундагы кризис

Евразия күндеми-26

1784732
Орусия менен Батыштын ортосундагы кризис

Ардактуу окурмандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Орусия менен Батыштын ортосунда уланып жаткан кризис тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 17-18-февраль күндөрү  Украинанын чыгыш аймактарында чыңалуу күчөдү. Орусия менен Украина ок чыгарылышына бири-бирин күнөөлөштү. Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму акыркы күндөрү ок атышпоо режимин бузган учурлардын кыйла көбөйгөнүн билдирди. Жергиликтүү калк Орусияга баш калкалай баштады. 19-февраль күнү Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенко өзөктүк үчилтиктин күчтөрү орун алган масштабдуу машыгууга көз салышты. Ошол эле күнү АКШнын президенти Жо Байден Украина кризисине баа берип, Путиндин Украинага кол салууну чечкенине ынанганын билдирди. Сөз болуп жаткан кризиске байланыштуу акыркы жумада дагы кандай окуялар болуп өттү? Эми ушуга токтололу.

2022-жылдын 15-февралында Германиянын канцлери Олаф Шольц Киевден кийин Москвага келди. Путин менен Шольцтун Москвада өткөн алгачкы жолугушуусунда орток пикир табылган жок.

Ушул эле күнү Орусиянын Мамлекеттик Думасы президент Владимир Путинди көз карандысыздыгын бир тараптуу жарыялаган орусиячыл жикчилдердин Донецк жана Луганск элдик республикаларын таанууга чакырган чечим долбоорун кабыл алды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский болсо 14-февраль күнү элге кайрылуу жасап, 16-февралды "Биримдик күнү" деп жарыялады. Батыш тарабынан 16-февраль “Орусиянын Украинага кол сала турган болжолдуу күнү" деп айтылган эле.  16-февралга чейин украиналык байгерлердин жана депутаттардын айрымдары өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон. АКШ, Австралия, Англия, Канада сыяктуу өлкөлөр Украинадагы элчиликтерин Киевден Львовго убактылуу көчүрүү чечимин кабыл алышкан.

15-февралда Орусиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн батышында уланып жаткан аскердик машыгуулардын бир бөлүгүнүн аяктаганын жарыялады. НАТОнун баш катчысы Столтенберг альянс чыгыштагы аскердик позициясын бекемдей турганын билдирди. Украин өкмөтү батыштык өнөктөштөрү ушул кезге чейин Киевге 1,5 миллиард доллардык аскерий жардам көрсөткөнүн жарыялады.

17-февраль күнү Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, эгер Украина НАТОго мүчө болуп калса, Крымды күч менен кайтарып алуу коркунучу жаралаарын, бул нерсе НАТО менен Орусияны  куралдуу кагылышууга алып келээрин билдирди. Ошол эле күнү АКШнын Москвадагы элчилигинин өкүлү, элчинин жардамчысы Барт Гормандын өлкөдөн чыгарылганы белгилүү болду.

АКШда Конгресске сунушталган мыйзам долбоорунда Орусиянын кеминде үч ири банкына санкция киргизүү сунушталган. Орусиянын каржы министри Антон Силуанов жаңы санкциялар менен өлкөнү SWIFTтен чыгаруу ыктымалы боюнча чаралар көрүлгөнүн билдирди. Силуанов Батыш өлкөлөрү Орусияга санкциялар киргизүүнү көздөшө турган болсо, Москва  энергия булактарынын багытын өзгөртүүгө даяр экенин айтты, бирок бул тууралуу кеңири маалымат берген жок.

21-февраль күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин администрациясын таануу боюнча жарлыкка кол койду. Ошол эле күнү НАТОнун баш катчысы Столтенберг Орусиянын Украинадагы орусиячыл жикчилдердин администрациясын таануу чечимин айыптады. 22-февралда Евробиримдиктин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Орусиянын бул чечими эл аралык укукка каршы келээрин баса белгиледи. 22-23-февраль күндөрү АКШ, Евробиримдик, Австралия жана Жапония Орусияга каршы санкцияларды киргизе турганын жарыялашты. Украинада өзгөчө кырдаал жарыяланды.Бүгүн болсо Орусиянын президенти Владимир Путин телеканал аркылуу кайрылуу жасап, Донбасска атайын операция баштаганын жарыялады. Ал эми Украинанын президенти Володимир Зеленский өздөрүн коргой ала тургандарын жарыялап, өлкөдө аскердик абалды жарыялады.

Жогорудагы маалыматтардан байкалып тургандай эле, Украина аркылуу Орусия-Батыш тирешүүсү кооптуу түрдө уланууда. Ушул кезге чейинки Орусия-Батыш сүйлөшүүлөрүнөн үмүт берүүчү жыйынтык чыккан жок. Кризисти чечүү үчүн башка ыкманы иштеп чыгуу керек. Түркия дал ушундай дипломатиялык ыкманы  иштеп чыгып, эки боордош элди оор кырдаалдан алып чыгышы мүмкүн.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар