Түркиянын Украина саясаты

Урматтуу угармандар, СЕТАнын тышкы саясат изилдөөлөрүнүн директору, жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын Түркиянын Украина саясаты тууралуу баа берүүсү.

1780544
Түркиянын Украина саясаты

Урматтуу угармандар, СЕТАнын тышкы саясат изилдөөлөрүнүн директору, жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын Түркиянын Украина саясаты тууралуу баа берүүсү.

Түркиянын Украина кризисине карата саясатын аныктаган төрт параметр бар. Биринчи параметр Түркиянын Украина менен болгон достук мамилеси. Анкара менен Киев көптөн бери стратегиялык мамиледе. Саясий, коопсуздук жана экономикалык карым - катнаштарынан тышкары коргонуу өнөр жайындагы карым - катнаштар чындыгында жакшы. Украина Түркиянын эң чоң соода өнөктөштөрүнүн бири; Эки тараптуу соода жакында 7,4 миллиард доллардан ашты. Өткөн жылы Түркияга 2 миллиондон ашык украиналык келди.

Түркия Украинага ар кандай тышкы коркунучка каршы баш тарттыруучу күчүн арттыра турган учкучсуз аба аппараттарын сатты. Эки өлкө Түркия үчүн орчундуу маселе болгон айрым стратегиялык куралдардын моторун өнүктүрүү үчүн биргелешкен бир проект баштады.

Түркиянын Украина кризисиндеги позициясын калыптандырган экинчи параметр Россия менен болгон карым - катнаштары. Түркия Россияга карата сектордук саясатты жүргүзүүдө. Түркия көпчүлүк Батыш өлкөлөрү тарабынан четте калган учурда Анкаранын Москва менен болгон карым  - катнаштары айрым маселелерде өзгөчө маанилүү. Жалпысынан чыгуу стратегиясы катары  каралган Сирия жана Ливия кризисинде Россия менен карама - каршы мамиледе болгон Түркия бул көйгөйлөрдүн карым - катнаштарга терең таасирин тийгизишине уруксат берген жок. 

Бир тараптан  Түркия менен Россия Россиянын Түркияда өзөктүк реактор куруу  келишимине кол койду.  Бир тараптан батыштык өлкөлөр Анкарага коргонуу системасын сатууну четке кагып, Түркиянын Россиядан С  - 400 абадан коргоо системаларын  сатып алышы АКШнын катуу каршы чыгышына себеп болду. Өзгөчө Россия Түркиянын эң чоң экономикалык өнөктөштөрүнүн бири.  Жок эле дегенде Түркия орус  жаратылыш газынын алдыңкы сатып алуучуларынан жана Россия үчүн алдыңкы туристтик багыт. Түркиянын Украина кризисинде негизги алдыңкылыктарынын бири Россиянын четке кагылбашы жана диалог каналдарынын ачык кармалышы.

Түркиянын Украина саясатынын үчүнчү параметри НАТО союздаштыгы.  Эгер НАТО Украина кризисине түздөн - түз кийлигише турган болсо албетте, бардык мүчө мамлекеттер бул маселеде бир пикирге келе турган болсо, анда Түркия мүчө мамлекет катары Россияга каршы позицияны кармашы керек. Кризистик тарап болуу Түркия үчүн жана Германия сыяктуу көптөгөн НАТО мүчөлөрү үчүн чоң чыгым алып келет. Башкача айтканда Польша менен Балтика өлкөлөрү сыяктуу айрым НАТО мүчөлөрү орус  коркунучуна көбүрөөк дуушар боло турган болсо, Германия жана Түркия сыяктуу башка өлкөлөр да Россия менен өз ара карым  - катнаштарга ээ. Биринчи группа НАТОдон  Россияга каршы чара көрүүнү кааласа, экинчи группа дипломатиялык чечүүчү жолду табууну тандап жатат. 

Төртүнчү параметр  – Крым жарым аралынын  жергиликтүү түрк калкы болгон Крым татарларынын абалы. Түркия жерлеринин Россия тарабынан аннексияланышынан зыян тарткан Крым татарларынын кагылышуудан дагы көп жабыркашын каалабайт. Түрк жетекчилер эки мамлекеттин ортосунда согуш чыга турган болсо биринчи курмандыктардын Крым татарлары болорун абдан жакшы билет ошондуктан Украинанын Крым тууралу аргументтерине колдоо көрсөтүүдө.

Жыйынтыктап айтканда, көрсөтүлгөн параметрлерден улам Түркия калыс саясат жүргүзүп, Украина кризисинде ортомчу ролду ойноп жатат.Түркия Украина жана Россия менен өз ара карым  - катнаштарга ээ болгондуктан, кризистин  бардык аймак өлкөлөрүнө тескери таасирин тийгизе турган кенен масштабдуу аймактык согушка айланышын каалабайт. Ушул себептен түрк жетекчилер кризистин тынчтыкчыл жол менен чечилиши үчүн иштөөгү улантууда чечкиндүү.



Тектеш кабарлар