Зайтун жалбырагынын пайдалары

Шыпаа булагы-16

1753822
Зайтун жалбырагынын пайдалары

Бүгүн Зайтун жалбырагынын пайдалары жөнүндө кеп салабыз.

Зайтун - сезгенүүгө каршы, кандагы кантты төмөндөтүүчү, жогорку кан басымды төмөндөтүүчү, атеросклероздун алдын алуучу, кандагы липиддердин деңгээлин төмөндөтүүчү, сөөктөрдүн кемүүсүн калыбына келтирүүчү, микробдорду жок кылуучу, антиоксидант, ракка каршы жана башка көптөгөн касиеттерге ээ мөмө болуп саналат.

Зайтун жалбырактары да денеге абдан пайдалуу өсүмдүк.

• Зайтун жалбырагы антиоксиданттык таасирге ээ.

• Бөйрөктөн суунун чыгышын көбөйтөт.

• Зайтун жалбырагынын чайы инсулинге каршы дарылоодо жана салмакты көзөмөлдөөдө да колдонулат. Мындан тышкары, кандагы кантты тең салматагандыктан кант диабети үчүн зайтун жалбырагынын чайы сунушталат.

Зайтун жалбырагынан даярдалган чайдын башка пайдалары.

1) Клеткаларды кыска убакытта жаңылайт.

Курамында омега май кислоталарын камтыган зайтун жалбырагы терини безеткилерден тазалоого жардам берет жана безетки тактарынын калуусуна жол бербейт. Жара, кызаруу, кычышуу сыяктуу учурларда теринин жаңылануусунда роль ойнойт.

2) Көңүл тартыштыгы, уйкунун бузулушу сыяктуу учурларда таасирдүү. Ошондой эле борбордук нерв системасын бекемдейт.

3) Жүрөктүн иштешин коргойт.

Зайтун жалбырагынын чайын үзгүлтүксүз ичүү кан тамырлардын жабылышынын алдын алат. Кан басымын тең салмактап, капыстан жогорулашына бөгөт болот. Ошондой эле кандын агымын жөнгө салгандыктан инфаркт коркунучун азайтат. Бул милдеттерин курамындагы омега-3 май кислоталарынын негизинде аткарат.

4) Ооруну басаңдатуучу жана булчуңдарды жеңилдетүүчү касиетке ээ.

Зайтун жалбырагынын чайын ичүү булчуң жана баш ооруга каршы таасирдүү.

5) Инфекцияга каршы пайдалуу.

Жогорку дем алуу жолдорунун жана заара чыгаруучу органдардын ооруларында колдонулат.

7) Иммунитетти бекемдейт.

Е витаминине жана антиоксидант заттарга бай зайтун жалбырагынан даярдалган чай иммундук системаны күчтөндүрөт.

Зайтун жалбырагынын чайын канча күн ичүү керек?

Бул чайды күнүнө 2-3 жолу ичсеңиз болот. Таасирдүүлүгүн көрүү үчүн аны жок дегенде 2 ай ичүү сунушталат. Ошондой эле эртең мененки тамакта да колдонсоңуз болот.

Бирок зайтун жалбырагынан жасалган чай;

• Жаштарга жана 18 жашка чейинки балдарга колдонууга болбойт.

• Эгерде активдүү ингредиенттерге сезгичтик (аллергия) бар болсо аны колдонууга болбойт.

• Суюктук ичүү чектелген учурларда (бөйрөк жетишсиздиги, жүрөк оорулары ж.б.) колдонулбашы зарыл.

• Бөйрөк жетишсиздиги же жүрөк оорусу бар адамдар дарыгери менен кеңешпестен колдонбошу керек.

• Кош бойлуу же бала эмизген аялдар үчүн зайтун жалбырагынан чай ичүү кооптуу деп эсептелет.

• Кан басымы бар бейтаптар дарыгердин уруксатынан кийин ичиши керек.

• Операциядан кийин же үзгүлтүксүз дары-дармек колдонууда бул чайды ичүүгө болбойт.

• Эгерде жүрөк айлануу же кычышуу сыяктуу өтө сейрек кездешүүчү терс таасирлерге дуушар болсоңуз ичүүнү токтотушуңуз керек.

Сактоо шарттары

Зайтун жалбырактары бекем жабылган айнек идиштерде, жарыктан жана нымдан корголгон, салкын жерде сакталышы керек.

Зайтун жалбырагы чайын кантип демдөө керек?

• 1 чай кашык кургатылган зайтун жалбырагы

• 200 мл ысык суу

Даярдоо:

Рецепт I:

Бир чыны же кружка ысык сууга 6-10 грамм (эки чымчым) кургатылган зайтун жалбырагын кошуп, 10 мүнөт демдеп коёсуз. 10 мүнөттөн кийин чайды чыпкалап ичсеңиз болот.

Рецеп II:

Чай: 6-10 г майдаланган же бүтүндөй кургатылган жалбырактардын үстүнө 150 мл кайнак суу куюлат, 15-20 мүнөт демделгенден кийин чыпкаланат. Даярдалган чай күнүнө 3 маал ичилет. Суткалык дозасы 30 граммдан ашпоого тийиш.

Рецепт III:

Чай: 10 г жаңы үзүлгөн же 5 г кургатылган жалбырак 150 мл сууга, суунун көлөмү 100 мл чейин азайганга чейин кайнатылат. Андан соң чыпкаланат. Бул чай күнүнө 2 маал ичилет.

Прогарамманы даярдаган доктор Мехмет Учар.



Тектеш кабарлар