Буларды билесиздерби?

Түркияда биринчи учак заводунун 1926 – жылы курулганын  билесиздерби?

1715867
Буларды билесиздерби?

    Республиканын жарыяланышы менен Түркия дээрлик бардык тармакта чоң өнүгүү процессине кирди. Алардын бири авиация болгон. Мустафа Кемал Ататүрк Түркияда авиациянын өнүгүшүнө чоң маани берген. 1925 - жылы 7 – сентябрда Министрлер Кеңешинин чечими менен 3,5 миллион лиралык капиталы бар компания түзүлөт. Акциялардын 51 пайызы Түркиянын улуттук коргоо министрлигине, 49 пайызы Германиянын Junkers учак заводуна таандык болгон. Кайсери учак заводуна керектүү материалдар Германиядан алынып келинет. 1926 - жылы 6 - октябрда мамлекеттик азем менен ачылган завод 50 ангарда 50 түрк жана 120 немис жумушчусу менен өндүрүштү баштады. Завод негизделгенде дүйнөдөгү эң ири авиациялык заводдордун бири болгон.

    Түзүлгөндөн эки жыл өткөндөн кийин немис компаниясы акцияларын түрк авиация бирикмесине өткөрүп берет жана фабрика өндүрүштү бир азга токтот. 1930 - жылы кайра ачылган Кайсери учак заводунда 1942 - жылга чейин 7 түрдүү моделдеги 212 учак чыгарылган. 1940 - жылдары АКШнын Түркияга жасаган Маршалл жардамынын таасири менен алгач өндүрүш учак заводунда токтоп, андан кийин завод аба менен камсыздоо жана техникалык тейлөө борборуна айланган.



Тектеш кабарлар