ДЕАШ Синжарга кол салгандан бери жети жыл өттү

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1686377
ДЕАШ Синжарга кол салгандан бери жети жыл өттү

 

Террордук уюм ДЕАШтын аесуз түрдө езидилерди бутага алган Синжар кол салуусунан бери 7 жыл өттү. Бирок аймак азыр деле террордун таасири астында. Бул жолу Синжарда ДЕАШ эмес ПКК террордук уюмдары белгилүү аймактарда өкүмдүк кылууда. Аймактагы террордук уюмдардын айынан Синжар кайрадан курула албастан, жерлеринен кеткен жүз миңдеген езиди да жерлерине кайтып келе албай жатат. Багдат  -  Эрбил арасында келишим түзүлгөн болсо да ПКК жана Хашди Шааби сыяктуу куралдуу уюмдар аймакта болууну улантууда.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикирин угуңуздар.

Мындан 7 жыл мурда ДЕАШ террордук уюм Иракта бир топ аймакты колго алып, Синжардагы езидилер да  аесуз террордук уюмдун бутасы болду. Ал мезгилде аймакта болгон Пешмерге күчтөрү каршылык көрсөтпөстөн  артка чегинип, ДЕАШ жүздөгөн езидини кырып бир тобун да туткунга алып, кулга айландырууга аракет кылды.

Андан кийин Эл аралык коалициянын лидерлигинде аймакта чоң аскердик операция жүргүзүлүп Синжар ДЕАШтан тазаланган болсо да шаарда чоң кыйроолор жана баш аламандыктар болууда.

Андан бери бул аймак ПКК террордук уюму жана Пешмерге күчтөрүнүн базасы жана  жайгашкан жерге айланды.

Пешмерге алгачкы болуп чегинген мезгилде ПККнын куралдуу канаты HPG башкача айтканда Элдик Коргонуу Күчтөрү аймакта калып, андан кийин айрым езиди күчтөрү курал сатып алып YBŞ башкача айтканда Синжар каршылык көрсөтүү бөлүктөрүн түздү.  Уюм аймактагы хаостон пайдаланып Ирак -  Сирия жолунда стратегиялык мааниге ээ болгон Синжарда автономиялуу башкаруу моделин түзүү жана аймакты Сирияда курган кантондорго окшогон бир абалга алып келүү аракетине кирди.

Бирок Эрбил жана Багдаттын эгемендүүлүккө ээ болгондугун билдирген Синжар үчүн болгон күч күрөшү жана Түркиянын кээ кээде жүргүзгөн аба операциялары жана кысымдары биригип ПКК/ Элдик Коргонуу Күчтөрү  аз да болсо аймактан чегинүүгө мажбур болду. Террордук уюм бул абалдардан кийин жаңы бир кыймыл стилин жактырып артта Синжар каршы чыгуу бөлүктөрүн таштап аймакта таасирдүү болуу аракетин улантты. Азыркы учурда ПКК жана анын астыңкы уюмдары Синжарда Ханасырдан Сирия чек ара жолуна чейин болгон аймакта жана Синжар тоосунда өкүмдүк кылууну улантууда.

Түркиянын Синжардагы террордук уюм ПККга карата аскердик операциялары менен дипломатиялык кысымы менен Ирак борбордук өкмөтү менен Ирак Күрдистан аймактык башкаруусунун арасында болгон Синжар сүйлөшүүлөрү өткөрүлүп, бардык мыйзам тышы  террордук уюмдардын Синжардан чыгарылышын күткөн Синжар келишимине 2020 -  жылы 9 -  октябрда кол коюлуусуна жол ачты. Бирок бул келишимдин турмушка ашырылышы тууралуу керектүү аскердик кадамдар таштала элек. ПКК болсо Багдат  -  Эрбил ортосунда түзүлгөн келишимди четке кагып, Хашди Шаби менен да байланышта болуп, аймакта өзгөчө Сирия каршы чыгуу бөлүгүнүн байрагы астында жашоосун улантууда.

Натыйжада ПКК террордук уюмунун аймакта болушунан улам  Синжар кайрадан курула албай жатат. Жерлеринен кеткен жүз миңдеген езиди да жерлерине кайта элек. Аймакта саясий, экономикалык жана социалдык ырааттуулуктун кайрадан түзүлүшү, езиделир коопсуз аймакта жашай ала турган бир Синжардын кайрадан курулушу үчүн бардык террордук уюмдар аймактан тазаланышы керек.



Тектеш кабарлар