Буларды билесиздерби?

Аялдардын чыгармалары китепканасын

1683755
Буларды билесиздерби?

Түркиянын алгачкы жана бир гана «Аялдардын чыгармалары китепканасынын» Стамбулда экендигин билесиздерби?

1990 -  жылы ачылган Аялдардын чыгармалары китепканасы жана маалымат борбору фонду Түркиянын алгачкы жана бир гана аялдарга арналган архив жана китепкана болуу өзгөчөлүгүндө.

1990 -  жылы ачылган борбор «Аялдардын өткөн күндөгү турмушун жакшы билүү, бул маалыматтарды иликтөөчүлөргө топ түрүндө сунуштоо жана бүгүндүн жазылуу документтерин келечектеги муундар үчүн сактоо» максатында кызмат кылууда. Китепкана архивинде орун алган коллекциялар Осмон империясынан күнүбүзгө чейинки Түркияда аялдарга таандык же аялдар тууралуу чыгармаларды, документтерди сактоо жактан маанилүү бир мекеме. Борбордо китепканачылык жана архивдик эмгектер менен бирге конференция, семинар, эл аралык симпозиумдар сыяктуу көп сандаган иш чаралар да өткөрүлүүдө. Бул иш чаралар менен аялдар тууралуу бардык маалыматтар таанытылууда.

Стамбулдун Балат районундагы китепкана бул аймактын таанылуусу менен жергиликтүү жана чет элдик туристтердин да кызыгуусун тартууда.



Тектеш кабарлар