Анадолунун алгачкылары  - 22. 2021

Амасиялык Страбон.

1683681
Анадолунун алгачкылары  - 22. 2021

Космос жана убакыт тууралуу эмгектери менен таанылган математик Минковский : «Мейкиндик менен убакыт өз өзүнчө каралганда  көлөкөлөр сыяктуу жок болуп кетет»,- дейт. Ушул эле темада иштеген тарыхчы жана архитектор Гидион убакыттын мейкиндиктин төртүнчү өлчөмү экендигин айтат. Тарых илими дагы ушул эки түшүнүктүн негизинде болгон окуялар жана кубулуштар менен байланыштуу.  Убакыттан көз карандысыз жерде болуп жаткан окуяны сүрөттөө же тескерисинче, окуя болгон жерден көз карандысыз убакыт аралыгы жөнүндө сүйлөшүүгө аракет кылуу илимге туура келбейт. Бүгүнкү география ушул эки түшүнүккө негизделген. Ал "мейкиндик" сөзүн адамдар пайда болгон жана жашаган аймак деп карап, мейкиндикти бүтүндөй бир география деп эсептейт.

География деген сөз байыркы грекчеден келген. «Дүйнө» жана «сызуу» же «сүрөттөө» деген сөздөрдүн биригүүсүнөн турат.

Бул сөздү философ Эратосфен биринчи жолу колдонгон. Жердин айланасын жана күндүн жерге чейинки аралыкты чыныгы баалуулуктарга өтө жакын деп эсептеген Эратосфен координаттар системасын кеңдик жана узундук боюнча иштеп чыккан. Математика жана география боюнча эмгектерин "Geographica" китебине топтойт. Кийинки мезгилдерде илимге айланган география  атын ушул китептен алган. Эратосфен географиянын негиздөөчүсү катары кабыл алынганы менен, бул темада ага чейин иштегендер бар. Айрым философтор климат менен өсүмдүктөрдүн ортосундагы байланышты изилдешет; кээ бирлери деңиз, көлдөр, агын суулар, суу ташкыны жана алардын эрозиясын изилдесе,  кээ бирлери аба ырайын, толкундарды, жанар тоолорду изилдеген. Чындыгында, алардын бардыгы өздөрү жашаган дүйнөнү түшүнүүгө жана аны акылга сыярлык негизде курууга аракет кылышкан.

Геродот, Фалес, Аристотель, Страбон жана Птолемей география илиминин баштоочулары болушкан. Тарыхтын атасы деп аталган Геродот Жер Ортолук деңизди, Кичи Азияны, Анадолуну кыдырып, Македониядан Египетке, ал тургай Индияга чейинки географияны кыдырган. Көбүнчө математикалык теоремалары менен белгилүү болгон Фалес дүйнөнүн формасын иштеп чыгуу менен география илимине өз салымын кошкон. Аристотелдин оюу боюнча оболу «орун» пайда болгон жана географиянын маңызы кайда деген суроого жооп тапкан. Бирок «байыркы доор жана география» деген сөздөрдү уккандардын эсине эң биринчи Страбон менен Птоломей келет.

Бүгүн  программабызда Страбон тууралуу кеп кылабыз. Эмне үчүн Страбон? Анткени амасиялык болгон Страбон Анадолунун алгачкы жана байыркы доордун эң белгилүү географы.

Страбон Анадолунун түндүгүндөгү Амасияда, ал мезгилдеги аты Амесяда төрөлгөн.  Рим империясы Анадолуда кеңейип жана христинадыктын жайылышынан мурунку мезгилге күбө болот. Көрүүгө жана үйрөнүүгө болгон кызыгуусун үй-бүлөсү берген мүмкүнчүлүктөр менен айкалыштырат;  байыркы доордун эң маанилүү илим борборлору Римде жана Египетте жакшы билим алат. Империя кенен жайылган географиянын чоң бөлүгүн кыдырат. Барып көргөн жерлери тууралуу жазган 17 томдук “Geographika” башкача айтканда «География» бүгүнкү күндө монументалдык чыгарма катары мүнөздөлүүдө. Бул чыгарма бир гана география китеби эле эмес, анткени Страбон  сөз кылган георгафияларды ал жерде жашаган адамдар тууралуу да жазган. “Geographika” - тарыхый окуяларга, көчтөргө, урууларга, мамлекеттердин карым  - катнаштарына да орун берилген социалогиялык жана философиялык жактан алып караганда энциклопедия мүнөзүндөгү бир чыгарма.

Страбон ааламдын борбору жер деп ырастайт. Ал жерди океан менен курчалган арал катары аныктайт. Анын айтымында, жердин түндүк бөлүгү суук, ал эми түштүгү ысык, андыктан отурукташуунун болбогондугун айтат. Ал климатына жараша жерди муундарга бөлөт. Топография тактап айтканда жердин формаларынын конушка кандай таасир этип, калыптандырып жаткандыгына көңүл бурат. География илиминин мамлекеттердин ишине жарай турган маанилүү элемент экендигин жактайт.

Ал китебинде суунун күчүн, эрозияны, шамалдын пайда болушун жана кээ бир рельеф формалары кандайча пайда болорунан сөз кылган.  Анын айтымында, бир эле океан бар, эгерде адам дайыма батышка карай кете турган болсо, Индияга жетүүгө болорун белгилейт.

Страбон бир гана аймактар тууралуу сөз кылуу менен эле калбайт, адам  - чөйрө таасирлешүүсүнүн маанисин белгилеп, себеп -  жыйынтык байланышына токтолот. Мына ошондуктан Страбон алгачкы географ катары кабыл алынат. Географиянын илим экендигин айткан киши жана муну : «Мен иликтөөгө аракет кылган география илими башка илимдердей эле бир философтун кызыгуусун тартат жана көз караштарымдын туура экендиги бир топ себеп менен ортодо»,- дейт.

Дүйнөнүн алгачкы илимпозу катары кабыл алынган Страбондун кичи мекени Амасия... Амасиялык Страбон шаардын аты Амазон ханышасы Амисистен келгендигин айтат.

Амасия Түркиянын экинчи чоң дарыясы Йешилырмак экиге бөлгөн, аскалардын арасына жашырынган бир шаар. Анын коргонууга ылайыктуу структурасы жүздөгөн жыл отурукташуу үчүн тандалышынын себеби болот. Байыркы доордо маанилүү жолдор кесилишкен соода борбору да болгон. Шаардын тарыхы хититтерге чейин барат. Шаар фригиялыктардын, лидиялыктардын, перстердин, Понт падышачылыгынын, Рим императорлугунун, Селжуктук жана Осмон мамлекетинин эгемендигине кирген.

Страбон төрөлгөнгө чейин, шаар Понт падышалыгынын борбору болгон. Понт эли падышалар үчүн Харшена тоосунун түштүк капталын оюп  эстелик мүрзөлөрдү жасаган. Бүгүнкү күндө жергиликтүү жана чет элдик туристтердин көңүл чордонунда турган Понт Королдук аска мазарлары   абдан таасирдүү көрүнүшкө ээ. Мүрзөлөр жайгашкан үңкүрлөрдү бириктирип турган туннелдер адамдарды башка убакка алып барат. Дүйнөдөгү аска мазарлардын салттуу үлгүлөрүнүн арасында көрсөтүлгөн Понт Королдук аска мазарлары бүгүн Харшена тоосу менен бирге ЮНЕСКОнун "Дүйнөлүк мурастардын убактылуу тизмесине" киргизилген. Шаардын борборунда, Йешилырмак дарыясынын жээгиндеги «Шахзадалардын саякат жолунда»  Страбондун айкели бар жана анын артында Понт Королдук аска мазарлары...  

Амасиялык Страбон география дегенде эске келген алгачкы ысымдардын бири. Кыдырып көрүү, көргөндөрүн жазып калтыруу жана илимге болгон кызыгуусу бизге болжолдогонубуздан дагы көптөгөн нерселердин каалгасын ачат.

Ал жашаган мезгилинде билинген дүйнөгө таандык географиялык билимдерди бириктирген, кенен масыштабдуу байыркы доордун чыгармасын, Geographikaнын жазуучусу. Бул чыгарма байыркы мезгилде көп окулбайт. Византия мезгилинде кайрадан ачылып, андан кийин бир топ тилге которулат. Азия, Европа жана Африкадан сөз кылган 17 томдук чыгармасында Анадолу үчүн үч томду бөлөт.

Байыркы доордун дүйнөсү тууралуу маалымат алуубузга жана географиянын илим катары көрүлүшүнө салым кошкон  амасиялык Страбон жана анын чыгармасы «Географиядан» сөз кылдык.

«Түркия үнү» радиосу үчүн программаны даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу.



Тектеш кабарлар