15 - Июль Демократия жана Улуттук Биримдик Күнү

Беш жыл мурда  ушул күнү 2016 -  жылы 15 -  июлда   Түркияда төңкөрүш кыймылы болду.

1675459
15 -  Июль Демократия жана Улуттук Биримдик Күнү

Урматтуу окурммандар, бүгүн 2021 -  жыл 15 -  июль. Беш жыл мурда  ушул күнү 2016 -  жылы 15 -  июлда   Түркияда төңкөрүш кыймылы болду. ФЕТӨ деп аталган террордук уюм  түрк куралдуу күчтөрүнө киргизген  адамдарын колдонуп, мамлекетибизге жана  мамлекетибиздин баалуулуктарына  кол салды. Президенттик комплекс, Түркия Улуттук Парламенти бомбаланды. Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси да болгон көптөгөн коомдук мекемелер козголоңчулар тарабынан алынууга аракет кылынды. Анкара жана Стамбул асманында  аскердик учактар менен проспектилерде  танктар менен коркутушту. Эл буга жөн гана туруп берген жок. Албетте президенттин да үндөөсү менен миңдеген жаран шаар аянттарына, көчөлөргө чыгып, өз жанын аябастан танктардын жолун тосуп, тик учардан атылган окко каршы турду.  Мекенине, демократияга ээ чыкты.  Элдеги чечкиндүүлүк менен мамлекетибиз төңкөрүш кыймылын токтотууда ийгиликтүү болду. Мекен үчүн 251 адам шейит болсо, жүздөгөн адам да  ардагер болду. 15 -  Июль  демократия жеңишинин символу. Шейит жана ардагерлерибизди  ыраазычылык менен эскеребиз.



Тектеш кабарлар