Буларды билесиздерби?

Дөнер кебабынын тарыхы 18 -  кылымда башталгандыгын  билесиздерби?

1674225
Буларды билесиздерби?

 

Анадолуда дөнер кебап тууралуу алгачкы маалыматтар 1750 -  жылдарга  барат. Орто Азия тектүү бир кебаптын түрү катары билинген дөнер  Осмон империясы мезгилиндеги саякат  - наамаларында 18 -  кылымда  орун ала баштагандыгы байкалат.

Козу грилден бүгүнкү абалына келген дөнердин  айрым булактарда  согуш майданындагы аскерлердин чийки этти кылычтарына тизип, отко кактап бышырышкандары жана бышкан бөлүгүн бычак менен кесүүсүнөн келип чыккандыгы айтылат. Башка бир булакта болсо 1850 -  жылы Бурсада Искендер мырза тарабынан түрк ашканасына киргизилгендиги айтылат жана Бурса дөнер кебабынын жаралган жери катары кабыл алынууда. Искендер мырза бала кезде атасынын ресторанында бышырылган козуларды тик турган шишке сайып, айландырып  отко кактап көрөт.  Тик түрүндө бышырылган кебап абдан даамдуу болот жана көптөгөн жылдардан кийин  дөнер кебап болуп таанылат.

20 – кылымдын акырларында дөнер кебап жалпы дүйнөдө бир сэндвич  башкача айтканда «тез тамак» катары сатыла баштайт. Дүйнөнүн көптөгөн жеринде  абдан жактырылган жана тандалган тамак.



Тектеш кабарлар