Анадолунун алгачкылары - 16. 2021

Анадолу бажылары.

1661041
Анадолунун алгачкылары  - 16. 2021

Европа жана Америкада аялдар өнөр жай төңкөрүшүнөн мурунку мезгилде көпчүлүк учурда үй  - бүлө ичинде жана айыл  - чарба тармагында иштешкен.

Аялдар өнөр жай төңкөрүшүнөн кийин тактап айтканда 18 -  кылымда жумушчу күчүнө кошула баштаган. Бул жолу алар эмгекти көп талап кылган жумуштарда эркектердин алган акысынын жарымына иштешкен жана 19 -  кылымда уюмдаша башташкан. Анадолуда болсо аялдар 13 -  кылымда эле уюмдашып, иштеп башташкан. Биз бул программаны баштап жатып Анадолунун эле эмес  дүйнөнүн алгачкыларынан да сөз кыларыбызды айтканбыз. Бүгүн да көп билинбеген бир теманы, дүйнөдөгү аялдардын алгачкы уюмдашуусунан сөз кылабыз.

13 -  кылымда Анадолудагы аялдардын уюмунун аты Бажыяни  - ы Рум тактап айтканда Анадолу бажылары деп аталган.  Бажы деген сөз эже дегенди билдирет. Бажы деген сөз Анадолуда азыр да кенен колдонулууда. Ал мезгилде Анадолунун ордуна «Рум» деген сөз колдонулган. 13 -  кылымда Анадолуда мындай аялдар биримдигинин курулуу ыктымалы чет элдик иликтөөчүлөр үчүн чындыкка жатпашы мүмкүн.

Өз алдынча бизнес куруп, өндүрүштү аткарган жана бул продукцияларды аялдар курган базарларда саткан, иштеген аялдарга колдоо көрсөткөн бул аялдар биримдиги идеясын акылга сыйбай турган нерсе деп ойлошкон. Анткени ортоңку кылымдагы Европада аял, бир гана үй  - бүлө жана балдар менен алектенген. Бул калыпка ылайык келбегендердин көпчүлүгү шайтандык менен айыпталып,  коркунучтуу жазалар берилген. Анадолу аялдарынын өндүрүш жана экономиканын ичинде орун алышы, бир жарандык коом уюмун кура турганчалык аң  - сезимдүү болушу батыштык изилдөөчүлөр үчүн мүмкүн эмес болгон. Ошондуктан бул тууралуу жазылгандарга да көңүл бурушпастан,  жаңылыштык болсо керек деген ой менен уюмдун бар экенине шектенүү менен карашкан. Осмондук тарыхынын эң негизги булактарынын жазуучусу, тарыхчы Ашык Пашазаде Анадолу бажыларынан (Анадолу эжелери) сөз кылат. Бул бир гана соода уюму эле болгон эмес, социалдык, маданий жана кесиптик жагы да болгон.

Анадолу бажылары тууралуу көп маалыматты билбесек да изилдөөчүлөр «Ахилик» уюмунан башка деп ойлобоо керектигин айтышат. Ахилик Анадолу Селжуктук мамлекети мезгилинде Анадолуда курулган ишкана ээлери биримдиги болгон. Ахиликтин өзүнчө эрежелери болгон. Эрежелер адамдын жакшы бир ишкана ээси болуудан тышкары мыкты адам болушу үчүн чыгарылат. Соода менен байланыштуу жана күнүмдүк турмуш тууралуу да эрежелер белгиленген. Айкөлдүк, чынчылдык жана берилгендик жакшы адам болуунун талаптары болсо, эмгектенүү, өндүрүү, эмгекти урматтоо жана тилектештик жакшы сатуучу болуу талабы катары каралды. Ахиликте социалдык жана экономикалык турмушта аялдын да маанилүү орду болгон. Ахилик уюмунун куруучусу Ахи Эвран болсо  Анадолу бажыларынын куруучусу Ахи Эврандын жубайы Фатма Бажы болгон. Ахи Эвран отурукташкан турмушка өткөн көчмөн түркмөндөрдү уюмга кошуп кесип үйрөнүүлөрүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Ошондой эле Фатма бажы да түркмөн аялдарын кесип ээси болууга көндүргөн.

Анадолулук аялдар таштандыга чыккан жүндөрдү пайдалануу үчүн Кайсеридеги булгары жана жезчилер базарында чогулушат. Ахилер менен бирге билим алгандан кийин түрдүү өндүрүш тармактарында иштей башташат. Аялдар көпчүлүк учурда килем, кездеме токуп, түймө түйүп, сайма сайган. Кийиз, жибек жана пахта жиптерин өндүрүшкөн. Кол өнөрлөрү менен бирге айрым кийим  - кечелерди тигип, тинүүчүлүктө да өздөрүн көрсөтүшкөн. Анадолу бажылары үй  - бүлөлүү же бойдок болгонуна карабастан ичиндеги бардык аялдардын кесиби, жүрүм  - туруму жана диний билимин өз мойнуна алган.

Аялдардын биргеликте өндүрүп, өздөрүн өздөрү багуусуна мүмкүнчүлүк түзүшү үчүн  курулган Анадолу бажыларынын Ахилик уюмунун принциптерине окшогон принциптери болгон. Бөлүүчүлүк кылбастан адамдарды сүйүү, оптимист болуу, жакшылыкты жайылтуу, жакыр жана эч кимиси жок адамдарга жардам берүү сыяктуу эрежелери болгон. Ахлактык баалуулуктар менен коомдук эрежелердин отурукташуусу үчүн бир мектеп сыяктуу милдетти аткарган. Дүйнөнүн бул алгачкы аялдар биримдиги эч кимиси жок жаш кыздарды коргоосу астына алып, алардын билим алуусунан жооптуу болгон. Негизги философиясы аялдардын ортосундагы биримдикти жана бири бирине жардамдашууну бекемдөө болгон.  Анадолу Селжуктук мамлекети кездешкен монгол баскынында да Анадолу бажылары Кайсери, Кыршехир жана Кония сыяктуу шаарларда Ахи уюму менен бирдикте эркектер менен  мекен үчүн согушка катышкан. Эркектер менен бирдей шарттарда өндүрүштө иштеп жана экономикалык киреше киргизген, керек болгон учурда согушка да катышкан бул эр жүрөк аялдарды согушкер Амазон аялдарына окшотукан, ал түгүл  тектеринин Амазондорго чейин баргандыгын айткан айрым иликтөөчүлөр да бар. Анадолу бажыларынын жоокер амазонкалар менен кайндай байланышы бар?  Амазонкалар Түштүк Америкада Амазон токойлорунда жашаган, мифологиялык каармандар эмес беле? Чындыгында Амазон аялдары деп аталган аялдар бар беле? Айрым жазуу түрүндөгү булактарда Самсундун Терме району башкача айтканда Анадолу алардын жашаган жерлери катары көрсөтүлүүдө. Тарыхчы Геродот  алар үчүн скифтер деп айтат, ал эми Страбон болсо чыгармаларында амазонкалардан сөз кылат. Гомер алардан «эркектер менен тең укуктуу болгондор» деп атап Троя согушуна катышкандарын жазат. Байыркы доордун  алдыңкы ойчулу Платон болсо белгилүү китебинде өлкөдө Кара деңиз эркектери сыяктуу атка минип, жаа жана башка куралдарды колдонгон сансыз аялдардын бар экенинен сөз кылат. Бирок көпчүлүк учурда мифологиялык баяндарда көп кездешкендиктен аларга шектенүү менен каралууда, кыял күчүнөн жаралганбы же чындыкпы көптөгөн жылдардан бери тактала албай келет. Биздин замандан 2000 жыл мурун матриархалдык жашоону жашаган амазонкаларды скифтер, хеттер жана гректер менен байланыштыргандар да бар.  Археологдор азыркы күндө жоокер Амазон аялдарынын чындыгында жашагандыгына байланыштуу далилдерди сунушууда. Булардын ичинен эң көп көңүл бураарлык болгону 1994 -  жылы америкалык археолог Др. Ж.Д. Кимболлдун иликтөөлөрү... Анткени Кимболл Казакстанда бир экспедициясы учурунда  тапкандарынан улам бул легенданы далилдейт. Бир коргондо тактап  айтканда мазарда 30 – 40  жаштарында көп сандаган аялдын скелетин табат. Археологду толкунданткан мазардагы аялдардын скелети эмес жандарында жаалар менен 90 сантиметрден узун болгон кылычтардын болгондугу жана айрымдарынын ат минип бара жаткандай бир позицияда жатышы. Кимболлдун эсине жоокер аял амазонкалар келет жана аймакта жашаган көчмөн казак түрктөрү менен байланышынын болуп же болбогондугун изилдей баштайт. Мазардагы аялдардын скелетинен алынган үлгүлөр аймактагы аялдардын сөөктөрү менен салыштырылат; ДНКлар 99, 9 пайыздык катнашта бирдей чыгат. Америкалык  арехеолог казуу иштеринде тапкан материалдарын  «Жоокер аялдар, амазонкалар» аттуу китебинде чогултат. 2019 -  жылы Россия археологиялык институнунун изилдөөчүлөрүнүн Россиянын батышында табылган скиф аял жоокерлерге таандык мазар амазонкалардын чындыгында жашоодо болгондугун көрсөткөн башка бир көрсөткүч болот. Ушундайча фантастикалык кино жана китептердин, мифологиянын темасы болуудан чыгып, амазонкалар уламышы чындыкка айланат. Амазонкалардын Самсундун Терме районунда жашагандыгы азырынча далилдене элек болсо да жыл сайын жай айларында Термеде алардын элесине жалаң аялдар  катышкан ат минүү, жаа атуу сыяктуу фестивалдар уюштурулат.

Анадолу селжуктуктары мезгилинде курулган Анадолу бажылары ал мезгилде аялдын экономикалык жана социалдык турмушта активдүү орун алгандыгын, аял  - эркек теңдигин көрсөтүү жактан мааниге ээ. Бир топ батыштык иликтөөчү бар экендигине ишенбеген, 13 -  кылымда аялдардын биримдик жана тилектештик ичинде өндүрүп, экономикалык жана коомдук турмуштун ичинде активдүү орун алган дүйнөнүн алгачкы аял уюму Бажыян  -  ы Рум тактап айтканда Анадолу бажыларынан сөз кылдык.

ТРТ "Түркия үнү" радиосу үчүн программаны даярдаган  Неслихан Дегирменжиоглу.



Тектеш кабарлар