Израиль Палестинадагы акыркы зомбулугун Газа, Иерусалим жана Батыш Шериада дагы кайталады

SETAнын Коопсуздукту изилдөө борборунун директору жазуучу профессор доктор  Мурат Йешилташтын маселе боюнча ой пикири.

1643417
Израиль Палестинадагы акыркы зомбулугун Газа, Иерусалим жана Батыш Шериада дагы кайталады

 

SETAнын Коопсуздукту изилдөө борборунун директору жазуучу профессор доктор  Мурат Йешилташтын маселе боюнча ой пикири.

Израиль айрыкча Газага жасаган жана жүздөгөн карапайым кишилер каза болуп, миңдеген кишилердин жаракат алуусу менен аяктаган аскердик кол салуусу аркылуу жаңы бир циклди баштоого аракет кылып жатат.

Бул циклди жүзөгө ашыруудагы максат: Палестинанын басылып алынышын жана бул баскынчылыктын баардык кесепеттерин жаап жашыруу болуп баскынылыктын жараткан бүт каатчылыгын Газага гана тиешелүү катары көрсөтүү стратегиясына таянат.

Израиль негизделген күндөн бери Палестинаны басып алуу процессинде жана жүргүзүлүп келаткан агрессивдүү саясатында таянган теориялык "мыйзамдуулук" түшүнүктөрүнүн себептерине байланыштуу көптөгөн факторлорду айтып өтүүгө болот.  Бирок алардын арасында үч фактор өтө маанилүү.

Биринчи фактор - бул Экинчи Дүйнөлүк Согуш мезгилинде Холокостту (Холокост) натыйжалуу пайдалануу. Чындыгында, Германия тарабынан жүзөгө ашырылган еврей геноцидинен кийин антисемитизм  катары кабыл алынып тыюу салынып, мындай окуялардын кайталанбашы үчүн айрыкча Европа өлкөлөрүндө өзгөчө гуммандуулук аң-сезими жаратылган. Бирок, Израиль курулган күндөн баштап антисемитизмдин мазмунун кеңейтип, өзүнө жана жүргүзгөн саясатына ылайыкташтырылган кандайдыр бир “мыйзамдуулук” негизин жаратып алган. Анткени Израиль Палестинада жүргүзгөн саясаттарына карата айтылган кичинекей эле сын-пикирлер дагы Тель-Авив башкаруусу  тарабынан антисемиттик деп кабыл алына баштаган.

Эң кызыгы, Израилдин ички саясатында жарым-жартылай түшүнүктүү болгон антисемитизмдин мындай белгиси АКШ жана Европа өлкөлөрү тарабынан тез эле кабыл алынып, кээде мындай стигма же «сезимталдык» израилдик жетекчилерден мурда сөзү болгон өлкөлөрдүн  башкаруучуларынан келе баштады. Ошентип, Израилдин оккупациялык саясаты жана анын бардык процесстери дээрлик талашсыз болуп, туура кабыл алынды.

Израилдин Палестинадагы оккупациялык саясатындагы мынчалык аша чапкан тайманбастыкка таасир эткен экинчи фактор – бул АКШ тарабынан берилген шартсыз колдоо жана Израиль лоббисинин таасири. Негизделгенден 11 мүнөттөн кийин АКШ тарабынан таанылган Исраил, башынан эле АКШнын саясий колдоосун алып келген. Ал эми Американын аскердик колдоосу биринчи этапта акырындык менен башталып; 1967-жылдан кийин региондо “Израилдин аскердик артыкчылыгы” принцибинин негизинде, регион өлкөлөрү тарабынан кандайдыр бир чоң реакция болбой тургандыгы байкалгандан кийин берилген.

Шайлоодо Жо Байден жеңишке жеткенден кийин Израилге берилген шартсыз колдоодо кандайдыр өзгөчө мандем бардай байкалган. Анткени Байден шайлоонун алдындагы сөздөрүндө Израилдин коопсуздугу үчүн жардам бере турганын айтса да эл аралык уюмдарды жана адам укуктарын да көз жаздымда таштабай турганын билдирген. Бирок Байден башкаруусундагы өкмөт Израилдин акыркы учурдагы баскынчылык саясатына карата реакциясы назарга алынганда Трамптан кийинки Палестина маселесиндеги үмүттөрдүн курулай экенин даана далилдеп турат.

Израилдин акыркы учурдагы арекеттерине жол ачкан жана Палестинадагы баскынчылык саясатында мынчалык аша кеткендигине таасирлүү болгон үчүнчү фактор – аймактык тең салмактуулук жана актерлордун ар биринин башка башка кызыкчылыктарынын болушуна байланыштуу. Бул фактор Палестина маселеси башталган алгачкы күндөн жана Арап-Израиль согуштарынан бери таасирдүү болуп келатат. Натыйжада Израиль, аймактагы өлкөлөрдүн ар кандай кызыкчылыктарынын болушу жана бири бири менен ынтымактуу иш алып бара албагандыгынын натыйжасында Палестина аймагын толугу менен басып алган.

Аймактык  баланстар Израилдин пайдасына, айрыкча акыркы 10 жылда өзгөрдү. Анын үстүнө, Израиль бул өзгөрүү үчүн чоң чыгымдарга дуушар болгон жок. Ошондой эле Египетте Хүснү Мубарак режими кулатылгандан кийин Кэмп-Дэвиддин системасынын чабалдыгынан чочулаган Израиль, 2013-жылдагы төңкөрүштөн кийин жана Сирияда жарандык согуштун күчөшү менен кыйла кооптонбой калган. Аймактагы өзгөрүү-статус-квону сактап калуу үчүн күрөштө статус-кво блогу менен жашыруун кызматташып, АКШнын колдоосу менен Палестинаны басып алуу саясатында өтө зор  ыңгайлуу артыкчылыкка ээ болду .Ушул факторлордун бардыгынын же жок дегенде биринин өзгөрүшү Израилдин Палестинадагы кийинки кадамдарына таасир берери шексиз.


 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар