Кыргызстан менен Түркия медиа,коммуникация жана маданият жаатында кызматташтыгын күчтөндүрөт

Түрк жана Кыргыз дүйнөсүнөн-9_2021

1629531
Кыргызстан менен Түркия медиа,коммуникация жана маданият жаатында кызматташтыгын күчтөндүрөт

Түрк жана Кыргыз дүйнөсүнөн-9_2021

Түрк жана кыргыз дүйнөсүнөн аттуу уктуруубуздун бүгүнкү бөлүмүндө Кыргыз республикасынын Маданият, маалымат,спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин Түркияга жасаган сапары учурундагы маектешүүбүзгө орун бердик.

Маданият министри Кайрат Иманалиев, Түркияга сапарынын алдында Азербайжандын борбору Бакуда өткөрүлгөн Түрк Кеңешинин Маалыматтык жыйынына катышкандыгын белгилеп, жолугушууда түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгын өнүктүрүү керектигине токтолгондорун билдирди.

Түрк дүйнөсүнүн жүрөгү болгон ТҮРКСОЙго жана Кыргызстандын мааракесине карата өткөрүлүп жаткан сүрөт көргөзмөсүнө катышканына кубанычта экендигин белгилеген Иманалиев, Чынгыз Айтматов ТҮРКСОЙ үчүн «Түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу» дегенин эске салды.

Иманалиев Түрк дүйнөсүндөгү маанилүү инсандарды эскерүү жана аларды жаңы муундарга таанытуу ТҮРКСОЙдун эң маанилүү иш-чараларынын бири экендигин белгиледи.

Кыргызстандын Ош шаары 2019-жылы «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыялангандыгын эске салган Иманалиев ТҮРКСОЙ уюму буга байланыштуу ар кандай иш-чараларды уюштургандыгын айтты.

Иманалиев: «Мен Кыргызстандын маданият министри катары алгачкы расмий сапарларымды Түрк дүйнөсүнөн баштадым. Бул контекстте биринчи Казакстандын Маданият министри, андан кийин Өзбекстандын Маданият министри жана кечээ Азербайжандын Маданият министри менен жолугуштук. Эртең Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, андан кийин Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мухаррем Касапоглу менен жолугушуу өткөрөбүз»,-деди.

Түркия менен Кыргызстандын ортосунда жакшы мамилелер бар экендигин белгилеген Иманалиев, Президенттин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен да жолугушуусу боло тургандыгын айтты.

Кайрат мырзанын иштеринде ийгилик каалайбыз. Кыргызстандын маданият,маалымат,спорт жана жаштар тармагын өлкөнүн улуттук идеологиясына жараша өркүндөтө беришине тилектешпиз.



Тектеш кабарлар