Түркия куралдуу учкучсуз аба аппараттары менен доктринасын өзгөрттү

Тышкы саясат серепчиси Жан Ажундун бул темага байланыштуу пикири.

1618262
Түркия куралдуу учкучсуз аба аппараттары менен доктринасын өзгөрттү

Дүйнөлүк басма сөздө Түркиянын куралдуу учкучсуз аба аппараты SİHA жөндөмдүүлүгү жана жетишкен ийгиликтери менен күн тартибинде кала бермекчи. Түркиянын коргоо өнөр жайы тарабынан иштелип чыккан SİHAлардын алгач Сирияда андан кийин Ливия менен Карабахта да жаңы согуш доктринасы катары колдонулуп ийгиликтүү натыйжага жетишкени көптөгөн армиялардын көңүлүн бурса, АКШ жана  Британия сыяктуу өлкөлөр бул жаңы согуш концептисин изилдей башташты.

Тышкы саясат серепчиси Жан Ажундун бул темага байланыштуу пикири.

Көптөгөн жылдар бою улуттук коопсуздугу жагынан катаал абалдарга дуушар болгон Түркия, террордук уюмдар сыяктуу асимметриялык коркунучтарга ошондой эле географиялык жагдайынан улам пайда болгон конвенциялык коркунучтарга каршы жаңы согуш доктринасын иштеп чыкты. SİHAларга негизделген бул доктрина учурда бүткүл дүйнөнүн көңүлүн буруу менен эле чектелип калбастан «заманбап согуш доктринасын» түп-тамырынан бери өзгөртө турган жаңылануунун башаты катары да чоң мааниге ээ.

Түркия акыркы он жылда коргоо өнөр жай тармагында эбегейсиз ийгиликтерге жетишип, айрыкча учкучсуз аба аппараты  жана куралдуу учкучсуз аба аппараты технологиясында да дүйнөдөгү өлкөлөргө салыштырмалуу алда канча маанилүү  кадамдарды  таштады. Мамлекеттик өнөр жай TAİ-Aselsan жана Байкар сыяктуу жеке компаниялар тарабынан өздөштүрүлгөн Анка, TB2 сыяктуу Куралдуу учкучсуз аба аппараттары жана тийиштүү шаймандары көптөгөн фронт линияларында таасирдүү түрдө колдонула баштады. Айрыкча террордук уюм ПККга каршы Түркияда ошондой эле Ирак-Сирия сыяктуу өлкөлөрдө өтө таасирдүү түрдө колдонулган SİHAлар уюмдун мобилизациялык мүмкүнчүлүктөрүн чектөө менен  бирге өздөрүнчө жетекчи деп аталган жогорку курамды да жок кылуу ийгилигине жетишти. Натыйжада террордук уюм ПКК, Түркияга каршы иш-аракеттерди жүргүзүүдө бир топ мүмкүнчүлүктөрүн жоготту. Түркиянын SİHAлары конвенциялык жана жарым конвенциялык күчтөргө каршы Сирия, Ливия жана Карабахта өтө таасирдүү колдонулуп, душмандардын куралдарынын түрк  SİHAларына каршы сокку уралбаганы, Орусиядан алышкан абадан коргонуу системаларынын да чарасыз калгандыгы байкалды. Акыркы Карабах согушунда эле жалаң TB2лердин активдүү ойногон ролу саясында жүздөгөн Армян танктары менен ок өтпөс унаалары, Панцирь жана башка жогорку деңгээлдеги абадан коргонуу системалары, миңдеген жөө аскер күчтөрү таасирсиз абалга келтирилип, Армян армиясы оор жоготуу менен жеңилип, Карабахтан чегинди.  Ошондой  эле SİHA’лардын душмандык объекттерди жок кылуу менен бир учурда видео-тасмага түшүрүп алышы коомчулукка карата жасалган пропаганда согушунда дагы абсалюттук артыкчылыкты алып келди.   

Учурда заманбап армиялар Түркиянын бул жаңы согуштук доктринасын жана SİHAларынын ассиметриялык күчтөр менен конвенциялык күчтөргө каршы жетишкен  ийгиликтерин изилдешип, үлгү алууга аракеттенишүүдө.

Ал эми Түркия бир кадам дагы алдыга жылып ANKA жана TB2 сыяктуу куралдуу учкучсуз аппараттардын жогорку моделдери катары AKINCI менен AKSUNGURду сериялык түрдө чыгара баштады. 

Түркия белгилүү SİHA технологиясы саясында аймагында жогорку күч катары алдыңкы планга чыгып эле калбастан, жалаң улуу державалык күчтөр гана ат ойното алган Сирия-Ливия-Карабах сыяктуу маанилүү согуштук аймактардын да тагдырын өзгөртүүдө.

 



Тектеш кабарлар