Ден-соолуктун башаты-7

Анкара шаарындагы Дышкапы "Йылдырым Беязыт" билим берүү жана изилдөө ооруканасында эмгектенип келе жаткан мекендешибиз доктор Бакытбек Манкиевдин маегин сиздер менен бөлүшөбүз.

1616099
Ден-соолуктун башаты-7

Урматтуу окурмандар, “Ден соолуктун башаты” аттуу программабыздын бүгүнкү чыгарылышында жалпы хирургия тууралуу маек болмокчу.   

Бул программабызда  Анкара шаарындагы Дышкапы "Йылдырым Беязыт" билим берүү жана изилдөө ооруканасында эмгектенип келе жаткан мекендешибиз дарыгер Бакытбек Манкиевдин маегин сиздер менен бөлүшөбүз.

Маектешкен Назгүл Кадырова.

Суроо: Саламатсызбы, Бакытбек мырза. Алгач убактыңызды бөлүп бизге маек куруп берип атканыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. Өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз. Азыр Дышкапы Йылдырым Беязыт ооруканасында иштеп жаткан экенсиз. Бул оорукананын башка ооруканалардан эмнеси менен өзгөчөлөнөт? Бул тууралуу кеп салып берсеңиз.

Жооп: Саламатсыздарбы, мен 2013-жылы Кыргыз мамлекеттик Медицина академиясын бүтүргөм. Андан кийин Улуттук Хирургия борборунда эки жылдык ординатурадан өттүм. Азыркы учурда болсо Анкара шаарында Дышкапы Йылдырым Беязыт билим берүү жана изилдөө ооруканасында, хирургия бөлүмүндө ординатурадан өтүп жатам. Биздин оорукана жогорку квалификациялуу жана көп багыттуу. Анкара шаарынын калкынын жыш аймагында жайгашкан. Ошондуктан амбулатордук дарыланганга жана тез жардам муктаж болгон бейтаптар көп кайрылышат. Оорукананын негизги профили травматология болгондуктан ок, бычак, жол кырсыктарынан жана башка травмадан жаракат алган бейтаптар көп кездешет. Ал эми башка өзгөчөлүгүн айта кетсем, боор жана бөйрөк алмаштыруу операциялары жасалат. Жаш дарыгерлер жана ординаторлор үчүн илимий изилдөө жүргүзүү үчүн бүтүн шарттар түзүлгөн. Дүйнөдөгү алдыңкы медициналык технология жана жабдыктар менен бейтаптарды дарылайбыз.

Суроо: Жалпы хирургия медицинанын эң татаал бөлүмдөрдүн алдыңкы сабында турат экен. Сиздин ушул тармакты тандап иш алып барып жатканыңыз бизди кубандырат. Айтып берсеңиз медицина тармагынын бул татаал бөлүмүн кандайча тандап алдыңыз?

 Жооп:  Чоң рахмат. Ооба негизи эле хирургия бөлүмдөрү татаал деп эсептелет. Мен практикадан өтүп жүргөн кезде ооруп, кыйналып келген адамдарга жеңилдик берүү жана аларга ден соолук тартуулоо дарыгерлер үчүн чоң кубаныч экенин көрдүм. Ал эми хирургиялык ыкмалар менен даарылоо өзгөчө жана башкача бир сезим. Ошондуктан мен бул кесипти тандадым.

Суроо: Дарыгерлер үчүн өтө кыйын күндөрдүн бири, бул – пандемия күндөрү болду. Эң татаал күндөр артта калды деп ойлойсузбу? Деги эле 2020-жылды сиз кантип өткөрдүңүз?

Жооп: 2020-жыл бүткүл дүйнө үчүн айрыкча саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн өтө оор болду. Бул пандемия биз үчүн чоң сабак болду. Биз – дарыгерлер пандемия менен күрөшүүнү үйрөндүк. Эми мындай нерсе кайталанса буюрса жеңсе болот деген ишеним пайда болду. Өткөн жыл мен үчүн да оор болду. Башка дарыгерлердин катарында пандемия менен күрөштүм. Түркиядан барган Кыргызстандык дарыгерлер тобу менен пандемия учурунда өз милдетибизди аткардык.

Суроо: Бакыт мырза, бизге атайын убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн дагы бир жолу сизге ыраачылык билдиребиз. Мындан кийинки иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз, саламатта калыңыз.

Жооп: Сиздерге  дагы чоң рахмат. Кыргызстандагы мекендештериме ден соолук каалайм. Саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагыбыз өнүгүп, жаштарыбыз өз мекенинде билим алып элибизге пайдабыз тийет деп ишенем.

Урматтуу окурмандар, баарыңыздарга ден соолук каалайбыз жана ар күнүңүздөрдүн бакубат өтүшүнө тилектешпиз. Программаны даярдаган Назгүл Кадырова. 



Тектеш кабарлар