Экономикалык Кызматташтык Уюмунун саммити өттү

Евразия күндеми-10-2021

1600393
Экономикалык Кызматташтык Уюмунун саммити өттү
Cumhurbaşkanı Erdoğan Ekonomik İşbirliği Teşkilatında.jpg
Cumhurbaşkanı Erdoğan Ekonomik İşbirliği Teşkilatı 14. Zirvesi3.jpg
SADIR CAPAROV-MİRZİYOYEV-2.jpg
Mirziyoyev-Berdimuhammedov

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Экономикалык кызматташтык уюмунун видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн саммити тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 4-март күнү Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы астында 14-Экономикалык кызматташтык уюмунун саммити болуп өттү. Саммитке Ооганстан, Азербайжан, Иран, Казахстан, Кыргызстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери, Пакистандын өкмөт башчысы катышышты. Саммитке мындан сырткары Эл аралык Түрк кеңеши, Эл аралык Энергия хартиясы жана Экономикалык Кызматташтык Уюмунун жооптуу катчылары да катышышты.

Саммиттин темасы “Ковид-19дан кийин аймактык экономикалык кызматташтык” деп белгиленген эле. Саммитте лидерлер пандемиянын зыяндарын минимумга түшүрүү маселесин талкуулашты. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев пандемиядан улам киргизилген чектөөлөрдү этап-этабы менен алып салууну сунуштады. Туризм сыяктуу ар кыл тармактарга киргизилген чектөөлөрдүн алынып салынышы, бардык мамлекеттердин экономикаларынын жанданышына жардам бермек. Бул жылы Душанбе шаары аты аталган уюмдун “Туризм борбору” деп жарыяланган. Ошондон улам жыл ичинде Тажикстанда ар кыл иш-чаралар пландалган.

Саммитте лидерлер азык-түлүк коопсуздугу темасын баса белгилешти. Казахстан бул тармакта логистикалык борбор болуп берүүгө даяр экендигин билдирди. Уюмдун азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам кызматташтык уюму менен кызматташуусунун пайдалуу боло тургандыгы айтылды. Жыйында үстүбүздөгү жылы Өзбекстанда уюмга мүчө мамлекеттердин айыл-чарба министрлеринин жыйыны боло тургандыгы билдирилди.

Казахстандын президенти Касым Жоомарт Токаев саламаттык сактоо тармагында түрк фирмаларынын Казахстандагы инвестицияларынын маанилүүлүгүнө токтолду. Түрк фирмалары саламаттык сактоо тармагында уюмга мүчө мамлекеттердин дээрлик бардыгында иш алып барып жатышат. Президент Илхам Алиев Ковид-19 вакцинасынын дүйнөдө адилеттүү түрдө таркатылышынын камсыз кылынышын БУУнун жыйынына билдирүүнү сунуштады жана бул сунуш колдоого ээ болду.

Саммитте кол коюлган чечимге ылайык Баку шаарында уюмдун изилдөө борбору ачылат. Уюмдун изилдөө борборун ачуу пикири маркум Гайдар Алиевге тиешелүү болчу. Аты аталган борбор пайдалуу иштер жасайт деп ишенебиз.

Түркия уюмдун төрагалыгын Пакистандан өткөрүп алган эле. Бир жарым жыл ийгиликтүү төрагалык кылгандан кийин төрагалыкты Түркмөнстанга өткөрүп берди. Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов уюмдун кийинки саммитин үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Ашкабат шаарында өткөрүүнү сунуштады.

Урматтуу окурмандар, Экономикалык кызматташтык уюму 1985-жылы Түркия, Иран жана Пакистан тарабынан түзүлгөн.  Бул уюмга 1992-жылы дагы 6 мамлекет мүчө болгондон кийин ал ири уюмдардын бирине айланган. Тилекке каршы алиге чейин уюм өзүнүн мүмкүнчүлүгүн толук пайдалана албай келет. Президент Эрдоган баса белгилегендей, уюмдун таасирин арттыруу үчүн Соода келишимин (ECOTA) жүзөгө ашыруу жана уюмдун корун күчтөндүрүү зарыл.

Эл аралык соода жана транспорт тармактары уюмга мүчө мамлекеттердин артыкчылык берген тармактары болуп саналат. Бул тармактагы иштер илгерилегенде уюмга мүчө мамлекеттер батыш менен чыгыштын ортосундагы алтын көпүрө вазыйпасын аткарып, экономикалык жактан күчтөнүшөт. Ошондуктан “Ортоңку коридордун” жана ага байланган башка коридорлордун максималдуу түрдө пайдаланышы маанилүү болуп саналат. Уюмга мүчө мамлекеттердин Түндүк Кипр Түрк Республикасын тааный турган учуру келди деп эсептейбиз.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар