Анадолунун алгачкылары  - 02. 2021

Гөбеклитепе.

1600657
Анадолунун алгачкылары  - 02. 2021

Азыркы учурда өткөн мезгилдерге саякатка чыгуу үчүн унаалар ойлоп табыла элек болсо да бул эзелки жерлерде  мурунку мезгилдерге барууга, тарыхтан мурунку мезгилде саякатка чыгууга болот... Бул жерлерде адамзаттык тарыхына байланыштуу бардык билгендерибизди тескерисине айландырган  бир жер бар. Ал жер 12 000 жыл мурункусуна катталган Гөбеклитепе.  Бүгүнкү программабызда Гөбеклитепеден сөз кылабыз.

Гөбеклитепе  Түркиянын түштүк Чыгыш Анадолу аймагында Шанлыурфа шаарынан 17 -  километр алыстыкта. Гөбеклитепенин ачылышы, адамзаттык тарыхы, диндер тарыхы жана отурукташкан турмушка өтүүбүз тууралуу бардык билгендерибизди, тарых түшүнүгүбүздү баш  - аламан кылды жана өзгөрттү. Гөбеклитепечелик  маанилүү, өткөн күнүбүздү кайрадан үйрөнүүбүзгө  мүмүкнчүлүк түзгөн башка бир археологиялык ачылыш эмес экендигин айткан изилдөөчүлөр бар. Ушул үчүн Гөбеклитепеге «тарыхтын башталган» жери дешет. Алар тарыхты Гөбеклитепе менен баштатышат тактап айтканда билинген эң эски тарыхыбыздан  7 000 жыл мурункусунан! Сыры алигече  чечиле элек жана оңой менен да чечиле тургандай эмес. Анткени Гөбеклитепе казууларынын 50 ал түгүнл 100 жылга созулушу болжолдолууда. Бул жер үчүн көптөгөн теория ортого салынып,  көптөгөн аңгемелер айтылууда. Бир сыйынуу жери экендигин жана бир байкоо үйү экендигин айткандар да бар.

Гөбеклитепе үчүн айрымдары Адам ата жана Ева тыюу салынган жемиштерди жегени үчүн куулган бейиш бакчасы экендигинен сөз кылышууда. Кээ бирлери да Сириус жылдызына сыйынуу үчүн курулгандыгын айтышат.

Азырети Ибрахимдин ибадатканасы экендигине ишенгендер, бул жерди космостон келгендердин кургандыгын айткандар да бар. Стоунхендж менен параллелдик көрсөткөн, Вавилондун асма бакчаларынын калдыгы экендиги жана бир шаман ибадатканасына окшойт дегендей  түрдүү айтылган сөздөр да бар. Азырынча эч бир көз караш тактала элек бирок  сыр чечилгенге чейин Гөбеклитепенин адамдар чогулган жер катары аныкталышы керектиги тууралуу жалпы көз караш бар.

Бардык нерсе бир дыйкандын эгин аянтын айдап жатканда табылган бир айкелге окшогон таштын табылышы менен башталды. Дыйкан ал ташты  Шанлыурфа музейине  тапшырат. Бирок  музейдин жетекчилери анча маани бербестен ташты буюмдарды сактаган жерге коюшат. Сегиз жылдан кийин Ататүрк суу сактагычынын курулушунан мурда аймакта казуу иштери башталат. Казуу аянтында табылгандарды музейге алып барган бир археолог музейдин кампасынан дыйкан алып барган ташты көрөт жана таштар табылган жерлерди изилдей баштайт. Ал археолог Гөбеклитепенин ачылышында жана дүйнөгө таанытылышында маанилүү үлүшү болгон жана кийинчерээк казуу иштерин жүргүзгөн топтун жетекчиси болгон Клаус Шимит. Эң башта белгилүү убакыттарда жүргүзүлгөн казууларда табылган табылгалар баарын таң калтырды жана  казуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлө баштады. Гөбеклитепе абдан чоң ачылыш болду. Археологдор Гөбеклитепе тууралуу : «Бул жер кереметтүү жер, адам акылы муну түшүнүүдө кайналат»,- дешет. Эмне себептен ушул күнгө чейин адамзат тарыхы тууралуу билгендерибизди унутушубуз керек? Гөбеклитепе эмне себептен адамды таң калтырат, эмне себептен түшүнүүдө кыйналат?

«Маданият» деген сөз сөз катары биринчи жолу 17 -  кылымда аныкталган болсо да адамдын  алгачкы куралдарды жасап колдоно башташы менен алдыга чыгат ; отурукташкан турмушка өтүшү менен ылдамдайт. Тактап айтканда  неолиттик доордо бирок бул доордун экинчи жарымында тактап айтканда окумуштуулардын «идиш  - аяк жасалган неолиттик доор» деп атаган мезгилде...

Адамдар отурукташкан турмушка өтө элек кезде, кичинекей коом түрүндө мергенчилик менен жашаган мезгилге да окумуштуудар «идиш  - аяксыз неолиттик доор» дешет. Гөбеклитепенин мааниси мына ушул жерде ортого чыгат. Анткени адамдын жаныбарларды колго үйрөтө баштаган жана эгин эге баштаган мезгил  деп билген мезгилден, 2 000 жыл мурда да буларды жасагандыгы ортого чыкты бул ачылуу менен.

Гөбеклитепе бардык тарабы менен таң калтырат... мындан мурда окшошу болбогон курулуштары менен көргөндөрдү таң калтырат. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесинде орун алган 12 000 жылдык Гөбеклитепе алыс аралыктан да байкала турган бир жерде жайгашыптыр. Аянтта тегерек форманы түзгөн чоң блоктор орун алган. Узундугу 6 метрге, диаметри да 30 метрге жеткен тыкандык менен кесилген таштардын ортосунда эки даана Т формасындагы мамыча бар. Таштардын  салмагы 20 – 40 тоннанын арасында экендиги болжолдолууда. Бул таштар алып келинген  эң жакын жер 2 километр. Эгерде адам ал мезгилде чакмак ташынын тышында бир курал колдонбогон болсо,  жаныбарларды колго үйрөтпөгөнү үчүн жүк ташыта албаган болсо жана кичинекей коомдор түрүндө жашап жаткан болсо бул чоң курулуштарды кантип курду жана кантип ташыды?  Ушундайча сыры эмдигиче чечиле албаган Британиядагы  Стоунхендж жана Египеттеги Гизе пирамидаларынчалык  сырдуу башка бир абал ортого чыкты. Адистер мынчалык чоңдуктагы бир курулуштун курулушу үчүн адамдын дыйканчылык кыла башташы, жаныбарларды колго үйрөтүшү жана отурукташкан турмушка өтүшү керек дешет. Адамзат тарыхы тууралуу билгендерибизди бир четке таштап кайрадан теория чыгарышууда : Гөбеклитепени кургандардын отурукташкан турмушка өткөн акыркы мергенчи топтор экендигин айтышууда.

Гөбеклитепедеги таштардын үстүндө каман, илек илек, түлкү,  жейрен, рак, жыландын чеканкалары, илбирстин рельефтери жана абстрактуу белгилер табылган. Таш  иштетүүнүн бул эң эски үлгүсү болгон чеканкалардын мезгилдин ишеничи тууралуу экендиги же эскертүү максатында жасалгандыгы болжолдолууда. Азыркы күндөн 12 000 жыл мурда жашаган аталарыбыздын бул чоңдукта монументалдык курулуштарды курушу жана таштарды иштетиши, алардын биз ойлогондой примитивдүү эмес экендигин да көрсөтүүдө. Айрым  изилдөөчүлөр ушул себептен бул жерди адам жасаган монументалдык чоңдуктагы көркөм өнөр чыгармаларынын алгачкысы катары аныктоодо.

Ушул кезге чейин жасалган казууларда Гөбеклитепеде от, очок сыяктуу тамак бышыруу менен байланыштуу эч бир табылгага кездешилген эмес жана эч бир адам сөөгү табылган эмес. Бул жерден жолго чыгуу менен адистер аталарыбыздын бул жерде дайыма болбогондугун, ибадат же азем сыяктуу бир максат үчүн чогулгандарын ойлошууда. Өзгөчө курулуштардын полунун суу өткөрбөй тургандай долбоорлоунушу да көңүлдөрдү бурууда. Изилдөөчүлөр бул жерде  топуракка аралашуусун каалабаган суюктуктарды колдонуу менен азем өткөрүү ыктымалы боюнча да токтолушууда.

Гөбеклитепенин кандай максатта жана кандай курулгандыгы  баш айланткан бир суроо бирок балким да булардан дагы көп ойлонткон бир маселе бар. 12 000 жыл мурунку аталарыбыз бул жерди таштап кеткенден мурда  билип туруп бул жерди топурак менен толтуруп үстүн жабышыптыр... Эң көп ойлондурган нерсе да бул, жөн гана таштап кетүү же кулатуунун ордуна эмне себептен үстүн этияттык менен жабышты, эч качан табылбашы үчүнбү? Бул суроолордун жообун билүү үчүн бир канча убакыт дагы күтүү керек... Албетте дагы бир сырдуулук ортого чыкпаса!

Гөбеклитепе  адамды өзүнө тартат. Ал таш блоктордун арасында кыдырып, миңдеген жыл мурункусуна кол тийгизип, өткөн күндү бөлүшүү, сырын бөлүшүүнү каалайт адам. Казуулар улантылган сайын балким чечилбеген сырлар чечилип, балким да аларга жаңылары кошулат... 

Анадолунун сырлар менен толгон өтмүшүн, маданий байлыгын көз алдына келтирет Гөбеклитепе.  Адамзат тарыхынын ал караңгы мезгилинин пердесин ачылышын кызыгуу менен күтөбүз...

ТРТ «Түркия үнү» радиосу үчүн программаны даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу.

 

 



Тектеш кабарлар