Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Орто Азия сапары

Мармара университетинин тарых бөлүмүнүн  профессору Иляс Кемалоглунун Түркия  жана түрк республикаларынын карым  - катнашындагы жаңы горизонттор тууралуу пикири.

1600047
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Орто Азия сапары

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун алты күндүк Орто Азия сапарында дипломатиялык карым  - катнаштардан экономикага, энергетикадан транспортко, маданияттан билим берүүгө чейин бир топ тема каралды. Булар Түркия менен түрк республикаларынын карым – катнаштарынын алдыбыздагы беш жылдын күн тартибин түзө турган темалар.

Эмне себептен тышкы иштер министринин сапарында Казакстанды камтыган жок деген суроо жообу башынан берилиши керек болгон бир суроо. Муну да эки жагдайда ачыктоого болот : Түркиянын президенти Р. Т. Эрдогандын 31  -  мартта Казакстанга расмий сапар менен барышы пландалууда. Бир тараптан да Түркмөнстан жана Өзбекстан менен карым  - катнаштар акыркы жылдарда гана ылдамдай баштады. Анкаранын көптөгөн жылдар  карым  - катнаштары жакшы болгон түрк республикаларынан Кыргызстан менен акыркы жылдарда ФЕТӨ фактору аз да болсо көлөкө түшүрдү. Казакстан болсо Азербайжандан кийин түрк республикаларынын арасында Түркия менен эң жакын карым  - катнаштарга ээ өлкө. Чавушоглунун бул сапары карым  - катнаштардын жүрүшүнө баа берүү жана алдыдагы жылдар үчүн жол картасынын сызылышы, карым  - катнаштарды жаңы деңгээлге жеткирүү жактан маанилүү окуя болду.

Түрк республикалары менен кызматташуу тармактары кеңейүүдө

Чавушоглунун Орто Азия  сапарында биринчи  барган жери Түркмөнстан болду. Кесиптеши Рашид Мередов жана президент Гурбангули Бердимухаммедов менен өткөргөн жолугушууларда болгондой 2021 -  жылы Түркия  -  Түркмөнстан дипломатиялык карым  - катнаштары жактан интенсивдүү өтөт. Эки тараптуу саммиттер менен бирге Түркия  -  Азербайжан  -  Түркмөнстан үчтүк саммитинин да ишке ашышы жана экономика, энергетика, транспорт, логистикалык темаларда кызматташуу келишимдерине кол коюлушу пландалууда. 2018 -  жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү, бүткүл дүйнөнү таасирленткен экономикалык кризистен улам төмөндөө көрсөтсө да 2019 -  жылы кайрадан жогорулоого өттү. Ал түгүл 2020 -  жылы да пандемияга карабастан өсүүгө өттү. Өткөн 30 жылда Түркия Түркмөнстанда 50 миллиард долларга жакын миңден ашуун долбоорду турмушка ашырды. Министрдин өзгөчө энергетика тармагына басым жасашы жана башка бир энергетика гиганты Азербайжандын  катышуусу менен Үчтүк саммиттин өткөрүлүшү болсо тараптардын жаңы энергетика долбоорлору боюнча иштегендигин белгилеп жатат. Акыйкаттан да  бул жагдай Россия жана Кытайга альтернатив энергетика багыттарын изденип жаткан Түркмөнстандын да «энергетика борбору» болгон Түркия да чоң маани берген бир тема.

Бердимухаммедовдун  өлкө бардык учактарга жана фураларга жабык  болгонуна карабастан түрк аба жолдорунун Түркмөнабатка уча башташы жана түрк фураларына  уруксат берүү чечимин чыгарышы, түркмөн жетекчилердин бир жести катары кабыл алынууда жана ошол эле учурда Түркия менен кызмтаташууну арттырууну каалагандыгын көрсөтүүдө.

Өзбекстан сапары да тараптардын эки тараптуу карым  - катнаштардын өнүгүшүнө чоң маани беришкендерин көрсөтүүдө. Самаркандда Түркия республикасынын башкы консулдугунун ачылышы жана пандемиядан кийин учак каттамдарынын да арттырылышына чечим чыгарылышы, мунун эң чоң көрсөткүчү. Өзбекстандын  тарыхый шаарларынан Самарканд, Бухара жана Хивада туризм инфраструктурасынын өнүктүрүлүшү процессине түрк фирмаларынын активдүү катышуусу инвестиция жана туризм тармактарындагы кызматташуусун бекемдейт. Сапарда Ташкент элчилигине дайындалган тажрыйбалуу дипломат Олган Бекар да эки тараптуу кызматташууну ылдамдатат.

Өзбекстан сапарында Мевлүт Чавушоглунун чыгарылган чечимдердин Өзбекстанга бара турган Түркия жарандарынын санын арттырарын белгилеши абдан маанилүү. Акыйкаттан да бул жагдай эки бир тууган элдин бири бирин дагы жакшы таанууларына мүмкүнчүлүк түзөт. Ушул боюнча «Мендирман Желаледдин» тактап айтканда «Мен Желаледдин» аттуу биргелешкен  сериалдын тартылышы жана Өзбекстанда көрсөтүлүшү маанилүү салым кошо тургандай эле эки өлкөнүн жетекчилеринин да бул темаларга чоң маани бергендигин көрсөтүүдө. Сапар учурунда  аймактык абалдар менен экономикалык карым  - катнаштардын арттырылышы сыяктуу темалар колго алынса да бул темалардын кенен түрдө 2021 -  жылдын ичинде президент Р. Т. Эрдоган ишке ашырууну пландаган Өзбекстан сапарында кенен түрдө сүйлөшүлүшүнө чечим чыгарылды. Булардын арасында эң көп кызыгууларды тарткан тема коргоо өнөр жай тармагындагы кызматташуу потенциалдары. Өзгөчө Карабах согушунан кийин бир топ өлкө Түркиянын учкучсуз аба аппараттарына кызыга баштады. Булардын бирөөсү да Өзбекстан. Тараптар биринчи этапта Преференциалдуу соода келишимин, андан кийин Эркин соода келишимин турмушка ашыруу үчүн аракет кылышууда. Булардын баары эч шексиз эки тараптуу соода көлөмүнүн да артышына мүмкүнчүлүк түзөт.

Министр Чавушоглу Өзбекстандан кийин Кыргызстанга барды. Түркмөнстан жана Өзбекстанда болгондой бул жерде да кесиптеши жана президент менен жолугушту. Бул жагдайдын өзү эле түрк республикаларынын Түркияга жана Түркия менен карым  - катнаштарга канчалык маани бергенин көрсөтүүдө. Кыргызстан менен да Преференциалдуу соода келишимине кол коюу тууралуу иштер улантылууда. Кудум Түркмөнстан сыяктуу Кыргызстан менен да соода көлөмүндө  акыркы жылдарда төмөндөө болгон жок. Бирок башка аймак өлкөлөрүнө салыштырганда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода көлөмү дагы төмөнкү деңгээлде. Ошондуктан тараптар соода көлөмүн 1 миллиард долларга чыгаруу тууралуу келишти. Өлкөдөгү түрк инвестициялары да 1 миллион долларга жетти. Тышкы иштер министринин сапарында Кыргыз  -  Түрк «Манас» университетине караштуу  саламаттык сактоо борбору менен лабораториясынын ачылышы да болду. Бул бөлүмдөрдүн университетке караштуу медициналык факультетинин пайдубалын түптөшү пландалгандай Кыргыз -  Түрк достук ооруканасынын  ачылышы да күн тартибинде. Балким да Кыргызстан сапарынын эң негизги натыйжаларынын бири Түркия Маариф фондунун  аймактагы  биринчи мектебинин Кыргызстанда ачыларынын билдирилиши болду. Бул кадам менен ФЕТӨнүн аймактагы таасиринин азайтылышы пландалууда.

Карым  - катнаштардын жол катрасы сызылды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун алты күндүк Орто Азия сапарында дипломатиялык карым  - катнаштардан экономикага, энергетикадан транспортко,  маданияттан билим берүүгө чейин бир топ тема каралды. Булар Түркия менен түрк республикаларынын ортосундагы карым  - катнаштардын алдыдагы  беш жылдын күн тартибин түзө турган темалар. Башка бир сөз менен айтканда бул сапарда Түркия  -  түрк республикаларынын карым  - катнаштарынын жол картасы сызылды. 2021 -  жылы  Анкаранын түрк республикалары менен дипломатиялык карым  - катнаштары эң жогорку деңгээлине жеткен мезгил болот. Бирок эң жогорку деңгээлде бири бирине карата сапарлардын ишке ашырыла тургандай эле курулган түрдүү комиссиялардын саммиттери да өткөрүлөт. Түркиянын  2021 -  жылы Түрк Кеңешинин башкармалыгын Азербайжандан өткөрүп алышы да ушул багытта абдан маанилүү.

Бул күнгө чейин Түркия менен Орто Азияда түрк республикаларынын ортосундагы карым  - катнаштарда дагы көп маданий кызматташуу алдыңкы планга чыгарылды. Ушуну негизинде Түрк Кеңеши Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы ТҮРКПА, Эл аралык түрк маданий уюму ТҮРКСОЙ, Түрк академиясы, Юнус Эмре Институту, Өлкө тышындагы түрктөр жана тууган коомдор башкармалыгы, Түрк кызматташтык жана Координация Агенттиги сыяктуу мекемелер маанилүү салым кошушту. Акыркы жылдарда Түркиянын аймактык күч катары  абалын  күчтөндүрүшү, Сириядан Кавказияга аймактык өнүгүүлөрдө маанилүү роль ойношу, энергетика жана коргоо өнөр жайы сыяктуу тармактарда чоң бир аралыкты басып өткөндөй факторлор Түркиянын аймак өлкөлөрү менен карым  - катнаштарынын бир гана маданий тармактагы кызматташуу менен эле калбай тургандыгын көрсөттү. Акыйкаттан да сапар учурунда  энергетика жана аскердик темаларда сүйлөшүлгөндөй түрк республикалары да тышкы саясат менен экономикалык тармактарда күчтүү жана ишенимдүү өнөктөш санын арттырууну каалап жатышат. Түркия, Кытай жана Россиядан кийин түрк республикаларынын үчүнчү эң чоң соода өнөктөшү болду. Инвестициялар тууралуу республикалардын айрымдарында биринчи орунду алууда. Түркиянын коргонуу өнөр жайы жана энергетика тармагында жүргүзгөн ийгиликтүү саясаты алдыбыздагы жылдарда бул эки тармакта кызматташуунун күчөшүнө шарт түзөт.

Түрк республикаларынын көз карандысыздыктарын биринчи эле күнүнөн тарта тааныган жана мамлекеттешүү процесстерине мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде  колдоо берген Түркия түрк республикаларынын көз карандысыздыктарынын 30 -  жылында да жандарында болгондугун көрсөттү. 2021 -  жылы Түркия  -  түрк республикаларынын карым  - катнаштар жылы болот жана карым  - катнаштардын негизинде алдыбыздагы мезгилдин пайдубалын түзөт.

 



Тектеш кабарлар