Кытай менен Батыштын тиреши жана уйгурлар темасы

Евразия күндеми_7_2021

1586423
Кытай менен Батыштын тиреши жана уйгурлар темасы
uygur.jpg
Uygur Türkleri Bruksel Protesto 2.jpg
avusturya uygur turkleri protesto1.jpg
uygur türkleri günlük (8)

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Кытай менен Батыштын медиа тармагындагы тирешүүсү тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, акыркы күндөрү уйгурлар темасынын негизинде медиа тармагында Кытай менен Батыштын өз ара тирешүүсү алоолоно баштаганына күбө болуп жатабыз. Алгач буга тиешелүү болгон акыркы окуяларга токтололу.

Үcтүбүздөгү жылдын 4-январь күнү Англия Кытайдын “Кытай глобалдык телекөрсөтүү желесин” (CGTN) жапты. Англия телеканалдын жабылышына себеп катары аты аталган каналдын ээси тарабынан эмес, Кытайдын коммунисттик партиясы тарабынан башкарылып жаткандыгын көрсөттү. “The Telegraph” ага чейин “MI5”тин журналист катары өлкөгө кирип, тыңчылык кылып жаткан 3 кытай жаранын Англиядан чыгарганын жазган болчу.

Үcтүбүздөгү жылдын 5-январь күнү Кытай медиасында Батышта уйгурларга байланыштуу чыккан аргументтерди 24 пунктта төгүнгө чыгарган макала жарыяланды. “Синьхуа” кабар агенттиги тарабынан даярдалган макалада, М. Помпеонун, А. Зенцтин билдирүүсү сыяктуу Батыш медиасында уйгурларга тиешелүү жарыяланган кабарлар жокко чыгарылганга аракет кылынган.

Кытай бийлигинин “Жэньминь жибао” деген расмий газетасы үcтүбүздөгү жылдын 8-январь күнү француз жазуучу Максим Вивастын репортажын жарыялады. Максим Вивас 2020-жылдын аягында француз тилинде Синьцзян-Уйгур автономиялуу облусундагы абал боюнча “Уйгурлар. Жалган кабарларга жол жок” аттуу китебин чыгарган. Вивас газетадагы репортажында Кытайдын терроризмди алдын алуу үчүн Синьцзянда жасап жаткан иш-чараларын колдой турганын, АКШнын чалгындоо кызматы Кытайга каршы Батышта кара пропаганда жүргүзүп жатканын билдирген.

Үcтүбүздөгү жылдын 9-январь күнү Кытай АКШнын “Clubhouse” сациалдык медиасын жапты. Акыркы убакта “Clubhouse”да Синьцзяндагы “тарбиялоо лагерлери” боюнча талкуулар көбөйгөн болчу. 2020-жылдын апрель айында ачылган “Clubhouse” акыркы айларда Кытайда популярдуу боло баштаган эле.

Үcтүбүздөгү жылдын 11-январь күнү Кытай бийлиги “Кытайдын улуттук кызыкчылыгына каршы” жана “мыйзамдарга каршы” деген жүйө менен “BBC World News” берүүсүн жапты. Негизи бул кадам CGTN’нын жабылышына жана BBCнин уйгурлар боюнча маалыматтарына жооп катары ташталган эле.

Февраль айынын башында адам укугун коргогон 180 уюм Пекинде 2022-жылы өткөрүлүшү пландалган кышкы олимпиадалык оюндарды бойкот кылууга чакырышты. Бул уюмдар өткөн айда эле бойкот чакырыгын жасашкан. Бирок ал убакта Трамптын митингдери болуп, алардын кайрылуусу тиешелүү даражада резонанс жарата алган эмес.

Ал арада Сауд Арабиянын Кытайдагы толук ыйгарымдуу элчиси Али Обейд ал-Лахери жана Пакистан парламентинин тышкы мамилелер комитетинин башчысы Мүшахид Хусейин Сейит уйгур маселеси боюнча Пекиндин саясатын колдогон репортаждар жарыялашты.

Урматтуу окурмандар, айтып өткөн окуялардан байкалгандай эле, уйгурлар темасы жана медиа тармагы боюнча Кытай-Батыш тиреши күчөп жатат. Тараптар бири-биринин медиа каражаттарын жаба башташты. Байдендин бийлигинин бул маселе боюнча Трамптын саясатын уланта тургандыгы белгилүү болуп калды. Демек, ортодогу медиа тармагы боюнча тиреш мындан ары дагы да күчөйт. Бул маселеде Кытайдын жалгыз эмес экендиги, Кытайдан чыккан кабарлардын Россия, Пакистан сыяктуу мамлекеттерде жарыяланып жаткандыгынан байкоого болот. Кытай менен Батыштын уйгур маселесин жеке кызыкчылыктары үчүн колдонуп жатышкандыгын унутпоо керек.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар