Ден-соолуктун башаты-3

Түркия мамлекетинде эмгектенип келе жаткан мекендешибиз Бекмурза Коңурбаев менен болгон маегибизде тез жардамдын зарылчылыгын сиздер менен бөлүшөбүз.

1580458
Ден-соолуктун башаты-3

            Урматтуу окурмандар “Ден соолуктун башаты” аттуу программабыздын бул чыгарылышы ооруканалардын маанилүү кызматтарынан бири - “тез жардам” бөлүмү тууралуу болмокчу.   

           Бул программабызда Түркия мамлекетинде эмгектенип келе жаткан мекендешибиз Бекмурза Коңурбаев менен болгон маегибизде тез жардамдын зарылчылыгын сиздер менен бөлүшөбүз.

           Маектешкен Назгүл Кадырова.

          Суроо: Бекмурза мырза, саламатсызбы! Биринчиден, биздин программабызга убактыңызды бөлүп репортаж бери атканыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Алгач өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз. Түркияга кандай жол  менен келип иштеп калдыңыз?

         Жооп:  Саламатчылык. Өзүм тууралуу кыскача маалымат берейин. 2014-жылы кесиптеш досторум менен чоогу  келгенбиз. Биргеликте экзамендерге даярдандык. Кыргызстанда окугандыктан дипломубуздун кабыл алынышы үчүн кээ бир экзамендерге кирүү керек. Экзамендерди тапшыргандан кийин эле 2017-жылы жеке ооруканада “тез жардам” бөлүмүндө иштей баштадым. Ал жерде 2020-жылга чейин иштегенден кийин азыркы убакытта дагы бир экзаменге даярданып атам. 

         Суроо: Ар бир тармактын түйшүктүү жана ошондой эле кызыктуу жактары сөзсүз болот эмеспи. Сиздин тармактын кыйынчылык жактарын, ошондой эле кызыктуу окуялары тууралуу кыскача кеп кылып берсеңиз бизге.

         Жооп:  Сөзсүз түрдө ар бир тармактын, ар бир кесиптин өзүнүн кыйынчылыктары болот. Ал эми биздин кесипти өзгөчө деп ойлойм. Себеби, бул жерде адамдын ден соолугу, адамдын өмүрү болгондуктан ар бир келген кишиге, ар бир келген оорулууга өзгөчө индивидуалдык жардам көрсөтүү керек. Ал эми бул жердеги тез жардам бөлүмүндөгү боло турган кыйынчылык болсо, бул - жаңы төрөлгөн ымыркайдан баштап улуу муундагы кишилерге чейин жардам көрсөтүү керек. Андыктан ар дайым жаңыланып туруу, окуп туруу, практиканы алмаштырып туруу керек да. Ал эми кызыктуу окуяларынан болсо, бул  Анкара шаарында иштеп жүргөн биздин мекендештерибиз абдан көп. Алар кээде келип калганда, өзүнүн мекендешинин бул жерде иштегенин көргөндө абдан кубанышат, абдан сүйүнүшөт. Себеби, ар ким өз дартын өз тилинде жакшы түшүндүрө алат. Аларды угуп, аларга керектүү жардам көрсөткөнгө ыраазы болуп калышат. Ал эми ыраазычылыктарын кээ бирде, биздин салттуу көрүнүштө көрсөткөнгө аракет кылышат. Албетте бул жерде система башка. Ага адаптация болуу керек. Ал эми туугандарыбыз өтө жылуу мамиледе болушат. Бул жактагы түрк туугандарыбыз келип маңдайында бизге окшогон врачтарды көргөндө кызыгып сурап, таанып-билгенге аракет кылышат. Бул дагы бизди ушундай жылуу мамилелери сүйүндүрөт абдан.

         Суроо: Азыркы учурда Түркияда мигрант мекендештерибиз муруңку жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк келип иштеп жүрүшөт эмеспи. Ошол жердештерибиздин сизге кайрылган учурлары болобу. Негизинен эле Түркияда мигранттар кандай шарттар менен же башкача айтканда кандай жеңилдиктер менен даарыланышса болот?

         Жооп: Ооба, Түркияда мигранттардын саны күндөн-күнгө өсүп атат. Ошолордун катарында Кыргызстандан келген мигранттар дагы абдан көп. Өзгөчө чоң шаарларда, Анкара, Стамбул, Измир сыяктуу шаарларда өтө көп экендиги маалым. Ал эми алара көп чалышат, көп кайрылышат жардам сурап. “Кантип, кайсы жерге көрүнсөк болот?”, “Кандай жардам бере аласыңар?” – деген суроо менен кайрылышат. Аларга кеңешим: “Эгерде иш уруксаты менен, же болбосо, бул жактагы визасы менен эмгектенип жүрүшсө аларга сөзсүз түрдө камсыздандыруу жасалат. Камсыздандыруусу болгон киши бир түрк жаранынан көп деле өзгөчөлөнбөйт. Бул – медицина кызматында мамлекеттик больницаларга кайрылса болот. Бир түрк жараны кандай кызматты алып пайдаланса, ошол сыяктуу эле бир мигрант дагы ошондой кызмат ала алат. Ал эми камсыздандыруусу болбогон, же болбосо туристтик максатта келип жүргөн, жашап калган мекендештерибиз болсо, алар мамлекеттик оорукана болсо да, жеке оорукана болсо да кайрыла турчу болсо ал жерде медииналык туризм боюнча каралгандыктан анда төлөмдөр эки-үч эсе көбүрөөк болуп калышы мүмкүн.

            Суроо: Рахмат, Бекмурза мырза. Бизге убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн дагы бир жолу ыраачылык билдиребиз. Мындан кийинки иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз, саламатта калыңыз.

         Жооп: Сиздерге да чоң рахмат, биз менен маектешкениңизге. Сиздердин да  иштериңиздерге ийгилик каалайбыз. Саламатта болуңуздар.

            Урматтуу окурман, баарыңыздарга ден соолук каалайбыз жана ар күнүңүздөрдүн бакубат өтүшүнө тилектешпиз. Программаны даярдаган Назгүл Кадырова. 

 

 



Тектеш кабарлар