Ден-соолуктун башаты-2

Трабзон шаарындагы Медикал Парк ооруканасынын пластикалык, реконструктивдик жана эстетикалык хирургия бөлүмүндө иштеген доктор айым Айнура Сарыбаева менен болгон маегибизди сиздерге тартуулайбыз.

1571685
Ден-соолуктун башаты-2

Урматтуу окурмандар, “Ден-соолуктун башаты” аттуу программабыздын кезектеги чыгарылышы медицинанын маанилүү бөлүмдөрүнүн бири - “Пластикалык хирургия” тууралуу болмокчу.   

Бул программабызда Түркия мамлекетинде эмгектенип келе жаткан мекендешибиз Трабзон шаарындагы Медикал Парк ооруканасынын пластикалык, реконструктивдик жана эстетикалык хирургия бөлүмүндө иштеген доктор айым Айнура Сарыбаева менен болгон маегибизди сиздерге тартуулайбыз.

Маектешкен Назгүл Кадырова. Маектешүүнү жогорудагы видеодон да көрө аласыздар.

  Суроо: Айнура айым, саламатсызбы! Алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз. Түркияга кайсы жылдары келдиңиз? Азыр эмне иш менен алек болуп жүрөсүз?

  Жооп:  Саламатсызбы. Өзүм жөнүндө кыскача айта кетсем, кесибим боюнча медикмин. Түркияга 2007-жылы келдим. Бул жерде ординатураны алты жарым жылда бүтүрдүм. Азыр кесибим боюнча эмгектенип жатамын бул жерде.

 Суроо: Ар бир кесиптин кыйынчылык жактары болот эмеспи. Сиздин кесиптин түйшүгүн айтып берсеңиз.

 Жооп:  Ооба, ар бир кесиптин маанилүүлүгү, өзүнүн өзгөчөлүктөрү, өзүнүн ар кандай түйшүктөрү бар. Дарыгерлик кесипте жоопкерчилик абдан бийик болот. Анткени, таразада оорулуунун ден соолугу, жашоосу, өмүрү турган үчүн жоопкерчилик абдан бийик. Дарыгерлер сыртынан билгизбесе дагы дайыма пернаненттик көрүнбөгөн стресс ичинде жүрүшөт. Айтып өткөнүмдөй мойнуна көтөргөн жоопкерчилик абдан чоң. Дайыма ар бир операцияга, мисалы, кичинекей эле операция дебестен ар биринин коопсуздугунун алдын алуу үчүн окуп, даярданышат. Ошол ишти миң жолу кылып атса дагы, биринчи жолу кылып атса дагы ал жерде ослажнение, оорлошуу болбойт деп эч ким айта албайт, кепилдик дагы жок медицинада. Ошондуктан “жакшы болсо экен” деген үмүт менен  бардыгына болушунча билимин колдонуп иштешсе дагы баары бир дайыма стресс ичинде болушат. Бул бардык дарыгерлерде ушундай. Анан дарыгерлик өмүр бою окууну, өнүгүүнү, өсүүнү талап кылган кесип. Өмүр бою окуш керек, жаңылануу дайыма болуш керек, анан жогоруда айтып өткөнүмдөй дарыгердин ар күнү окумайынча, даярданмайынча өтпөйт.

 Суроо: Сиздин тармагыңыз боюнча Түркия мамлекетиндеги өзгөчөлүктөрү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айта кетсеңиз. Ошондой эле Кыргызстанда бул тармактын абалы тууралуу ой-пикириңизди биз менен бөлүшсөңүз.

 Жооп: Негизи айырмачылыктары жөнүндө айта кетсек абдан чоң, салыштырылгыс чоң деп айтсак болот. Системалары такыр башкача. Мен адистигим боюнча пластикалык хирургмун. Бизде - Кыргызстанда базалык пластикалык хирургия деген сабак дагы жок. Сабак болуп киргизилген эмес, теориялык дагы курсу, практикалык дагы курсу жок биздин Кыргызстанда. Анан ар бир адистерди даярдоодо эң аз төрт  жылдан он эки жылга чейин сарпталат. Пластикалык хирургиянын ординатурасы алты жыл. “Пластикалык хирургия” дегенде көбүнчө пост-советтик өлкөлөрдө эстетикалык хирургия ойго келет. Ал эми батыш өлкөлөрүндө көбүнчө пластикалык хирургия өзүнө көп спекторлорду камтыйт. Мисалы, теринин бүт онкологиялык жагынан ооруларынын бардыгы пластикалык хирургияга кирет. Бет сөөк, баш сөөк сыныктары, аномалиялары кирет. Комбусиология деп коёбуз биз, бул – күйүктөрдүн бардык даражасы кирет. Анан кол хирургиясы, бүт ачык жаралар жана сахар диабетиндеги, же болбосо вена жарасындагы айыкпаган чоң жаралар, анан бүт дефекттердин травмага же онкологиялык операцияларга байланыштуу дефекттердин реконструкциясы -булардын бардыгы пластикалык хирургияга кирет.  Анан дагы бизде Түркияда жаш боюнча оорулуулардын айырмалануусу жок. Бул категорияга ар жаштагы оорулуулардын бардыгы кирет. Жаңы төрөлгөн ымыркайдан баштап карыган пациенттерге чейинки бардык жаш категориялары каралат. Жаш оорулуулар же улуулар деп бөлүнбөйт. Бул оорулардын бардыгы пластикалык хирургиянын дарылоосунан өтөт.

 Суроо: Айнура айым, бизге убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн сизге терең ыраачылык билдиребиз. Мындан кийинки иштериңизге ийгилик жана бекем ден соолук каалайбыз.

 Жооп: Рахмат сиздерге дагы. Иштериңизге ийгилик.

 Урматтуу окурмандар, баарыңыздарга ден соолук каалайбыз жана ар күнүңүздөрдүн бакубат өтүшүнө тилектешпиз. Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар