Суу менен башталган маданият - 21. 2021

Анадолу - Азия менен Европанын ортосундагы көпүрө...

1569666
Суу менен башталган маданият  - 21. 2021

Анадолу - Азия менен Европанын ортосундагы көпүрө ... Чыгыштан батышка, батыштан чыгышка өтүү үчүн колдонулган укмуштуудай кооз көпүрө ... Бул көпүрөнүн үстүнөн цивилизациялар менен тарых кылымдар бою өтүп келген... Дарыянын үстүндө эмес, миңдеген жылдар бою эки ​​континенттин ортосундагы көпүрө.

Көпүрөлөр байыркы доорлордон баштап адамдарды,  шаарларды, өлкөлөрдү бириктирген... Тынч аккан же оргуштап аккан дарыялардын үстүндө көптөгөн согушка, көптөгөн ажырашууга, көптөгөн жолугушууларга күбө болот...  Айрымдары  оргуштап аккан дарыялардан өтүү үчүн айрымдары  чоң дарыяларды, капчыгайларды өтүү үчүн колдонулат. Анадолу аймагы  мезгилдин күбөсү болгон көпүрөлөрдүн мыкты үлгүлөрү менен толгон.

Сууга болгон көз карандылык жана суу менен бирге жашоо  алгачкы доолордон тарта бир курулуш түрүн да кошо ала келди...

Адамдар оболу капчыгайлардан жана дарыялардан өтүү үчүн дарактардын дүмүрлөрүн пайдаланышкан. Бирок ар бир эле дарыя, капчыгай бул методду колдонууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Ошондуктан башка жолдорду  табуу керек эле. Чоң таштарды же дарактарды көпүрөнүн тирөөчү катары колдонушат.  Мезгилдин өтүшү менен алардын ордун чынжырлар алат,  чынжырлардын ордун да болоттон жасалган аркандар алат.  Тактадан жасалган көпүрөлөр чыдамдуу болбогондуктан таш көпүрөлөр, андан кийин бетон, темир же болоттон жасалган көпүрөлөр куралат. Көпүрөлөр адамзаттын технология жана илим тармагында өнүгүшүн байкай ала турган суу курулушу болот.

Булактар бизге алгачкы көпүрөлөрдүн Кытайда жасалгандыгын билдиришет бирок көпүрөлөргө таандык табылга жок. Ошондуктан дүйнөнүн билинген эң эски көпүрөсүнүн сумерлер тарабынан курулгандыгы кабыл алынууда. Калдыктары табылган бул 500 жылдык көпүрө Иракта курулган. Статика тууралуу бул маанилүү маселени чечкен жана аркалардан турган таш көпүрөлөрдү кургандар, Рим империясы мезгилиндеги инженерлер болгон, булардан азыркы күнгө чейин калгандар да бар. Анадолу аймагындагы көпүрөлөрдүн башында Аданадагы Ташкөпүрө, Измирдеги Керван көпүрөсү жана Адыямандагы Жендере көпүрөсү турат. Бул көпүрөлөр ошол эле учурда Рим мезгилиндеги көпүрөлөрдүн дүйнөдөгү эң эски үлгүлөрүнүн арасында саналат. Оболу бир жээктен экинчи жээкке өтүү үчүн гана колдонулуп келген көпүрөлөр, убакыттын өтүшү менен соода жана аскердик максаттарда колдонулган.  Турмушту чоң өлчөмдө өзгөрткөн жана жеңилдеткен ачылуулар жасалган 18 – кылымда  көпүрөлөр жыгачтан жасала баштаган.

Өнөр жай төңкөрүшүнөн кийин темир өндүрүшүнүн көбөйүшү темир структуралуу көпүрөлөрдү курууга мүмкүнчүлүк берет. Ушундайча дагы чоң жана бекем көпүрөлөр курула баштады. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң узун, кенен жана  бийик көпүрөлөрдү куруу оңой. Материалдары да, технология жана билим дагы бир топ жакшырды.

Анадолуда Рим жана Византия мезгилдерине таандык көп сандаган көпүрөнү кездештирүүгө болот. Бирок түрктөрдүн Анадолуну мекен кылышы менен бирге көпүрө саны көбөйөт. Түрктөр оболу Чыгыш Анадолу, андан кийин Ич Анадолуда теңдеши жок көпүрөлөрдү курушат. Бул көпүрөлөрдүн бири Малабади көпүрөсү... Дүйнөнүн эң чоң аркалуу көпүрөлөрүнүн арасында орун алат. Малабади көпүрөсү  39 метрдик аркасына карыздар. Мунун кеңдигин түшүндүрүү үчүн бир мисал келтирели. Мимар Синан «калфалык эсеримдир» башкача айтканда «шакирттик чыгармам» деген Стамбулдагы Сүлеймание мечитинин 27  метрдик диаметрдеги куполу ушул арканын ичине батат.

Малабади көпүрөсү Түркиянын көркөмдүү монументалдык көпүрөсү. Диярбакырда Силвандагы бул  көпүрө артуктар мезгилинде куралган. Батман өзөнүн үстүндө курулган көпүрөдө жүргүнчүлөр үчүн эки бөлмө бар. Тактап айтканда көпүрө өтүү үчүн эле курулган эмес ошол эле учурда коноктоо үчүн да курулган. 900 жылдан бери келе жаткан, ырлар азылган Малаби көпүрөсү бүгүн ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинде орун алган.

Осмондук мезгилине келгенде көпүрөлөрдүн мааниси барган сайын артат. Осмондук армиялары мамлекетти чоңойтуу үчүн бат  - бат жортуулдарга чыгат. Алдыларына дарыя чыкса ал жерге көпүрө курушкан. Кануни Султан Сүлеймандын Молдова жортуулунда армиянын Прут дарыясынан өтүшү керек болот. Янычарлар арасындагы бир архитектор 13 күндө жыгачтан бекем көпүрө курат. Осмон армиясы аскерлери жана оор куралдары менен бул көпүрөдөн өтөт. Жортуулдун жеңишке жетишинде көпүрө чоң роль ойнойт. Көпүрөнүн куруучусу Кануни тарабынан башкы архитекторлукка көтөрүлөт. Ал күнгө чейинки курулуштары көп билинбесе да ал күндөн кийин легендага айлана баштаган бул киши Мимар Синан.

Бир гана түрк архитектурасынын эле эмес, дүйнөлүк архитектура тарыхынын генийи деп аталат. 20 -  кылымдын эң чоң архитекторлорунан Ле Корбүзий «Тарых боюнча жерди толугу менен түшүнүп билген эки архитектордун» бири деп аныктайт Мимар Синанды. Мимар Синан эң көп курган мечиттери менен билинсе да 16 башка түрдө 400дөн ашуун чыгарма жараткан. 16 башка түрдүн ичинде жарандык архитектуралык мисалдарынан болгон көпүрөлөр маанилүү орунда турат. Мимар Синан мезгилинен мурдагы көпүрөлөр адам жана жаныбарлар анча мынчада да ат арабалары өткөн курулуштар оор жүктөрдү көтөрө алган эмес. Осмондук армиясынын оор замбиректерине чыдай ала турган көпүрөлөрдү биринчи жолу  Мимар Синан курат.

Стамбулдагы Бүйүкчекмеже көлүндөгү Кануни Султан Сүлейман көпүрөсү Мимар Синандын негизги курулуштарынын бири. Көлдүн деңиз менен байланышкан жеринен өтүү үчүн төрт башка көпүрө курат Синан. «Көпүрө чыгармаларымдын ичинде шедевр» дейт бул көпүрө үчүн. Монументалдык деп мүнөздөлгөн «Кыркларелиндеги Синанлы» көпүрөсү Мимар Синандын аркасы эң чоң көпүрө. Бул жумада көпүрөлөрдөн сөз кылабыз бирок Мимар Синан курган башка бир суу курулушу Моглова суу аркасынан сөз кылбастан өтпөйлү. Кемербургазда Алибей дарыясына курулган  көркөмдүү арка дүйнөлүк суу архитектурасынын негизги чыгармаларынын бири. Мимар Синан 36 метр бийиктиктеги бул эки кабаттуу арканы суу ташкынын алдын алуу үчүн пирамида түрүндөгү система менен бекемдейт. Бул өзгөчөлүгү  аны дүйнөдө уникалдуу абалга алып келген. Мимар Синан үчүн дүйнөгө таанымал мечиттерди курбаганда деле Моглова суу каналы менен белгилүү болмок дешет адистер.

Синан геология, топурак механикасы жана статика боюнча кеңири билими менен жер титирөөлөргө карта сактык чараларын көрөт жана абанын айлануусу  менен мечиттердин жылытылышын камсыздоо үчүн так эсептөөлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле ал өз чыгармаларында акустиканы эске алат жана аны гидравликадагы компетенттүүлүгү менен таң калтырат ... Дүйнө жүзүндөгү архитекторлор жана инженерлер анын чыгармаларын карап чыгышат, дизайнындагы назиктикке жана эсептөөлөрүндөгү кемчиликсиздикке суктанышат;  беш жүз жыл мурунку билим менен Синандын ал курулуштарды кантип кургандыгын түшүнүүгө аракет кылышат...

Эдирнедги Узункөпрү айрым булактарга караганда  дүйнөнүн эң узун таш көпүрө. Чифте көпүрө башкача айтканда Кош көпүрө Кара  деңиздин албууттанган дарыяларындагы эки жакты бириктирет. Текгөз көпүрөсү Анадолу селчуктуктарынын Кызылырмактын үстүнө курган биринчи көпүрөсү. Анадолу географиясында кайсы шаарга барбаңыз сөзсүз түрдө көпүрөгө туш болосуз;  алардын айрымдары кичинекей, кээ бири чоң, кээ бири айбаттуу!

Көпүрөлөр -  курулган мезгилдин технологиясын ачып берген жарандык архитектуранын үлгүсү. Бирок алардын милдети адамдардын же унаа каражаттарынын өтүүсүн камсыз кылуу гана эмес, алар биздин өткөн күн менен  келечектин ортосундагы байланыш.

Бул программабызда Анадолу географиясындагы көпүрөлөр менен дүйнө суктанган Мимар Синандан азын оолак сөз кылдык. Сиздер үчүн программаны даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу.



Тектеш кабарлар