Тарыхта бүгүн
Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.
1550770
1865-жылдын 24-декабрында АКШдагы жарандык согуштан кийин кулчулукту жактаган Конфедерация армиясынын офицерлери Теннесси штатындагы Пуласки шаарында "Ку-Клукс Клан" аттуу социалдык клуб түзүштү. Клуб тез арада АКШдагы расисттердин борборуна айланды.
1963-жылдын 24-декабрында Кипрдеги куралчан румдар «Кандуу рождество» кол салууларында Лефкошада кызмат кылган майор Нихат Илхандын үй-бүлөсүн да бутага алышты. Илхандын жубайы Мүрүвет Илхан жана балдары Мурат, Кутси менен Хакан рум террористтер тарабынан өз үйүнүн ваннасында өлтүрүлдү.
1979-жылдын 24-декабрында СССРдин Афганистанга басып кирүүсү башталды. Можахеддердин 10 жылдык каршылык көрсөтүүсүнүн натыйжасында Советтик жоокерлер 1989-жылы Афганистандан чыгып кетүүгө аргасыз болушту.