Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1548414
Тарыхта бүгүн

1963-жылдын 21-декабрында куралчан румдар Кипрде түрктөргө каршы «Кандуу рождество» кол салууларын баштады. 1-январга чейин созулган кол салууларда 364 Кипр түркү каза болду.

1988-жылдын 21-декабрында Лондон-Нью-Йорк каттамын жүргүзгөн Американын жүргүнчү учагы Шотландиянын Локерби кыштагынын үстүндө жарылды. Окуяда жердеги кишилер менен бирге 21 өлкөдөн 270 адам каза болду. Көптөгөн жылдарга созулган териштирүүнүн натыйжасында учакка Ливиянын чалгындоо кызматы тарабынан бомба коюлгандыгы аныкталды. Ливиянын администрациясы бомбаны жайгаштырган ливиялык авиатехникти жана чалгындоо кызматкерин Англияга өткөрүп берди. Каддафи террордук кол салууларда өлкөсүнүн күнөөлүү экендигин мойнуна алды бирок жеке өзүнүн окуя менен байланышынын жок экендигин билдирди. Ливия өкмөтү маркумдардын үй-бүлөлөрүнө миллиарддаган компенсация төлөп берди.

2017-жылдын 21-декабрында Түркиянын демилгелери менен даярдалган жана АКШнын президенти Трамптын Кудс чечимин бутага алган токтом долбоору БУУнун Башкы Ассамблеясында АКШнын бардык тоскоол болуу аракеттерине карабастан 9 каршы 128 макул добушу менен кабыл алынды. Добуш берүүдө 35 өлкө арсар болду. БУУ бул чечим менен Трамптын Кудсту Израилдин борбор шаары деп тааныган чечиминин эл аралык мыйзамга каршы келгенин тастыктады.



Тектеш кабарлар