Буларды билесиздерби?

Гөреме чиркөөлөрү.

1545140
Буларды билесиздерби?

Кападокиядагы Гөреме ачык аба музейинде ондогон чиркөөнүн бар экендигин билесиздерби?

Кылымдар боюнча түрдүү раса жана диндер жашаган Гөреме  ачык аба мүзейинин диний көркөм тарыхы жагынан чоң мааниси бар. Урандылардагы чакан жана чоң чиркөөлөр чоң монастырлар комплексин түзөт. Барыла  турган он бир ашкана жана чиркөөлөрдөн тышкары, качан да болсо урап калуу коркунучу болгону үчүн кире бериштери тосулган он сегиз чиркөө бар.

Гөреме ачык аба музейинде Кыздар жана Жигиттер монастыры, Ыйык Василий чиркөөсү, Элмалы чиркөөсү, Ыйык - Барбара чиркөөсү, Ыйык Катерина капелласы, Йыланлы чиркөөсү, Каранлык чиркөөсү, Чарыклы чиркөөсү жана Токалы чиркөөсү бар. Бул чиркөөлөр архитектурасына жана дооруна ылайык "Мамычалуу чиркөөлөр" жана "Йыланлы чиркөөлөрү" деп эки категорияга бөлүнөт.

Мамычалуу чиркөөлөргө бирдиктүү дубал сүрөттөрү тартылган Каранлык чиркөөсү, Элмалы чиркөөсү жана Чарыклы чиркөөсү кирет.

 Бири биринен көз карандысыз, эч кандай логикага баш ийбеген, бир окуяны баяндабаган дубал сүрөттөрү болгон Монахтар чиркөөсү, Ыйык - Барбара жана Ыйык -Катерина капелласы менен Йыланлы чиркөөлөрү мисал катары көрсөтүлө алат.  

 

 

 

 



Тектеш кабарлар