Тарыхта бүгүн
Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.
1543366
1913-жылдын 12-декабрында Париждеги Лувр музейинен 1911- жылы уурдалып кеткен «Мона Лиза» картинасы Италиянын Флоренция шаарында табылды.
**
1940-жылдын 12-декабрында фашисттерден качкан еврей иммигранттарды ташыган «Сальвадор» аттуу кеме Силиври жээктериндеги катуу шамалдан улам аскаларга урунуп чөктү. Кемедеги 352 жүргүнчүнүн 219у сууга чөгүп же тоңуп каза болду.
**
2000-жылдын 12-декабрында АКШда болгон шайлоонун жыйынтыктарына Федералдык жогорку сот чекит койду. Флоридадагы добуштарды кайрадан саноону токтоткон Жогорку сот, президенттик шайлоодо республикачыл талапкер Жорж Буштун жеңип чыкканын жарыялады.