Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1542644
Тарыхта бүгүн

1936-жылдын 11-декабрында Британиянын королу Эдуард VIII, Уоллис Симпсон менен болгон байланышын сактап калуу үчүн падышалыктан баш тартты. Британ монархиясы үчүн жаңылык жасаган падыша Эдуард VIII бул чечиминен 3 ай мурун Түркияга келип президент Мустафа Кемал Ататүрктүн коногу болгон.

**

1987-жылдын 11-декабрында "Хабабам классы", "Шайыр күндөр" жана "Тосун паша" сыяктуу түрк киносунун маанилүү тасмаларында роль жараткан театр жана кино чебери Адиле Нашит Стамбулда дүйнөдөн кайтты.

**

1994-жылдын 11-декабрында Чеченстандын бир тараптуу жарыялаган көз карандысыздык чечимине каршы орус армиясы кыймылга өттү. Орустар жүздөгөн танктардын колдоосу менен шаарларды басып ала баштады бирок чечендер партизандык согуш менен орус күчтөрүн токтотту. Биринчи орус-чечен согушу 1996-жылы 30-августта кол коюлган Хасав-Йурт келишими менен аяктады.

**

1999-жылдын 11-декабрында Европа Биримдигинин мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинде Түркияга мүчөлүк үчүн талапкерлик статусу берилди. Хельсинки саммитинин акыркы күнүнө катышкан премьер- министр Бүлент Эжевит Европа Биримдигинин лидерлери менен бирге фотосүрөткө түштү.



Тектеш кабарлар