Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1536076
Тарыхта бүгүн

1900-жылдын 30-ноябрында жазуучу Оскар Уайльд Парижде көз жумду. Өз жанын кыйган жазуучунун мейманкана бөлмөсүнүн дубалына «Бирибиз кетишибиз керек»,- деп жазгандыгы аныкталды.

1925-жылдын 30-ноябрында Түркияда ар түрдүү сыйынуучу жайлар жабылды. Ошондой эле мыйзам боюнча уруксаты жок адамдарга чалма жана диний кийим кийүүгө тыюу салынды. Ушул эле күнү Түркия Улуу Улуттук Парламентинин трибунасынын артындагы дубалга да "Үстөмдүк улутка таандык" деген жазуу илинди. Ататүрк Кастамону шаарында сүйлөгөн сөзүндө: «Түркия Республикасы шейхтер, дервиштер жана ашынгандардын мекени боло албайт. Эң туура жана чыныгы секта - бул цивилизация сектасы болуп саналат»,- деди.

1974-жылдын 30-ноябрында Эфиопияда 3,2 миллион жыл мурун жашаган адамдын скелети табылды. Изилдөөчүлөр "Люси" деп аташкан скелеттин узундугу 105 см экени жарыяланды.

00



Тектеш кабарлар