Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1530822
Тарыхта бүгүн

1922-жылдын 20-ноябрында Түркиянын көз карандысыз мамлекет катары дүйнөдө өз ордун табуусуна мүмкүнчүлүк түзө турган Лозаннадагы Тынчтык конференциясынын расмий ачылышы Швейцариянын Лозанна шаарында өткөрүлдү. Конференцияга Түркиядан тышкы иштер министри Исмет Инөнү катышты.

1945-жылдын 20-ноябрында Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин колго түшкөн 24 нацисттик согуш кылмышкери жоопко тартыла турган Нюрнберг соту башталды.

1959-жылдын 20-ноябрында БУУнун Балдардын укуктары боюнча декларациясы жарыяланды. 30 жылдан кийин ошол эле күнү ушул декларацияга негизделген Балдардын укуктары жөнүндө конвенция да БУУ тарабынан кабыл алынды.

1975-жылдын 20-ноябрында жарандык согуштан кийин бийликти колго алып Испанияны 36 жыл бою диктаторлук менен башкарган генерал Франко 83 жашында Мадридде көз жумду.



Тектеш кабарлар