Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1525435
Тарыхта бүгүн

1900-жылдын 12-ноябрында Эл аралык Париж көргөзмөсүндө коноктордун рекорду жаңыланды. 50 миллиондой адам барган жарманкеге Осмон империясы баш болгон мамлекеттерден 76 миңден ашуун өндүрүүчүлөр катышты. Кинотасмалар жана эскалаторлор көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду.

1969-жылдын 12-ноябрында Пулицер сыйлыгынын ээси америкалык журналист Сеймур Херш Вьетанмдагы Ми Лаи кыргынын ачыкка чыгарды. Кыргында Америка аскерлери 500гө жакын кишини кырган. Алардын арасында балдар менен аялдар да болгон.

1998-жылдын 12-ноябрында Түркиянын тыкыр иликтөөсүнүн натыйжасында Орусиядан Италияга качып бараткан террордук уюм ПККнын корбашчысы Абдуллах Өжалан Рим аэропортунда жасалма паспорт менен кармалды.

1999-жылдын 12-ноябрында 17- августта болгон жер титирөөнүн чыгымдарынын ордун толтурууга аракет кылып жаткан Түркия кайрадан Болу, Дүзже жана Кайнашлыдагы 7, 2 баллдык жер титирөө менен термелди. Жер титирөөдө 15 миңден ашуун имарат кулап, 845 киши каза тапты жана 4 миң 948 адам жаракат алды.



Тектеш кабарлар