Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-118

Түрк элдеринин адабиятынан – Татар адабиятынын өнүгүү жолу

1519795
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-118

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында татар элинин адабий мурастарынан жана алардын өнүгүү тарыхынан кеп салабыз.

Татар элинин адабий тарыхын барактаганыбызда, анын терең элдик оозеки чыгармачылыкка бай экенин көрүүгө болот. Башка түрк тектүү элдердей эле татарлар да сөз санатынын башатын руникалык таш жазууларга байланыштырып карашат. Ал эми жакынкы жазма адабиятынын тарыхын, алар Болгар Дөөлөтүнүн өкүм сүргөн дооруна барып таяшат. 13-кылымдын орто чендери менен 15-кылымдын экинчи жарымында доорун сүргөн Алтын Ордо мамлекетинин адабий мурасы да татар элине таандык. Казан хандыгы доорундагы татар маданияты жана адабиятына көз чаптырсак, өтө жандуу өнүккөнүн көрүүгө болот. Казан хандыгы кулагандан кийин бул коомчулуктун маданий өнүгүшү тарых барактарында бүдөмүк бойдон калган. 18-кылымдын экинчи чейрегинде татар маданиятынын өнүгүшү кайрадан жандана баштаган. Бул доордо татар адабияты тек гана чыгыш адабиятынан азыктанбастан, ошондой эле, батыш адабияты менен да тааныша баштаган. 20-кылымдын татар адабиятына абай салсак, түздөн-түз билим берүү реформасынын кыймылы болгон “Жедитчилик” агымынын таасиринде өнүгө баштаган. Айрыкча, Европанын маданиятын үлгү катары карап көп жаңылыктар кирген. Татар адабиятынын эски калыбынан жаңылануу дооруна киришинин эң маанилүү себептеринин бири – ал, басмаканалардын пайда болушуна байланыштуу. 1917-жылкы ыңкылаптан кийин Советтик идеялогия менен өнүккөн татар адабияты бир топ кемчиликтерине карабай 21-кылымга бай мурас калтырган. Эзелтен сактап келген байлыктары болгон адабий мурастарын урпактан-урпакка өткөрүп, келечекке карай өнүктүргөндөрдүн негизги жолу – акын-жазуучулардын курч калеминин күчү деп айтууга болот.

Азыркы татар адабиятынын башталгыч тарыхы 18-кылымга барып таянат. Бул доордо татар элинин эски калыпка салынган жашоосунун өзгөрүшү жана маданиятынын жаңы нукка бурулушу менен түшүндүрүүгө болот. Мында чыгыш адабияты менен бирге батыш адабиятынын жаңылыктары кире баштаган. Эскиден кол жазма маанилүү болсо, бул доордо китеп басмаканалары ачылып, диний, адабий китептер кененирээк басыла баштаган. Алгачкы чыгарылган китептерде орто кылымдын унутулгус чыгармалары басылып, эски адабий мурас сакталып калган. 20-кылымда татар адабиятынан чыгыш маданияты менен элдик чыгармачылыктын арасынан чыккан жаңыча адабий нукту көрүүгө болот. Бул доордун белгилүү акын-жазуучулары Тукай, Гафурий, Дердменд, Думавилер күчтүү ырлары менен азыр дагы эл ичинде унутулбай келет. Мындан улап жаңы доор адабияты деп аталган татар адабиятынын доорун экиге бөлүп кароого болот. Биринчиси, Октябрь ыңкылабынан мурунку жана экинчиси, 1917-жылдан кийинки татар совет адабияты деп аталат. Ыңкылапка чейинки адабиятка караганыбызда такшалуу доору болуп, изилденүү менен дүйнөлүк классикалык акын-жазуучулардын чыгармаларын элге таанытылган учуру болгон. Совет доорундагы татар адабиятына ыңкылаптын таасири менен өтө көп жаңылыктар кирип, жазуучулардын дүйнө таанымы байып, санаттарынын жана чыгармаларынын нугу кескин өзгөртүп өнүгө баштаганын көрүүгө болот. Элдин кат-сабаты толук жоюлуу менен бирге адабий процесс өтө тез ылдамдык менен өсө баштаган. Ошондой эле, мурун белгилүү болбогон драматургия сыяктуу жаңы адабий жанрлары чыккан. 30-жылдары репрессиянын таасиринен улам адабий өнүгүү басаңдаса да 40-жылдары согуштун маалында кайрадан жандана баштаган. 50-жылдары тынчтык, эркиндик темаларында чыгармалар менен уланса, 60-жылдардын адабияты жумушчулар чөйрөсүнө арналган. 70-80-жылдардагы татар адабиятында адамдын ички дүйнөсүн, күнүмдүк жашоолорун, эркиндик жана жаңы жашоо сыяктуу темалардагы чыгармалар жазылган. Ал эми азыркы татар адабиятында көбүнчө социалдык өзгөчөлүгүн, саясий-идеологиялык изденүүнү жана адамдын ички психологоясын кеңири чагылдырган адабий чыгармалардын жазылганын көрүүгө болот. Учурда татар адабиятынын өнүгүү нугу элдин үнүн, жан дүйнөсүн чагылдырып, эл аралык аренада активдүү өнүгүп келет.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программабызда татар адабиятынын өнүгүү этаптарынан учкай кеп болду. Учурдун талабы менен татар акын-жазуучулуранын чыгармалары да бир топ тилге которулуп, дүйнөлүк адабий аренада таанылып келе жатканын күбө боло алабыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар