Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1515599
Тарыхта бүгүн

1922-жылдын 27-октябрында Италияда Бенито Муссолини жетектеген фашисттик аскерлештирилген күчтөр (Кара көйнөкчөндөр) Неаполдон Римге жөнөштү. 2 күндөн кийин Римге жеткен "Кара көйнөкчөндөр" коалициялык өкмөттү кулатып, бийликти колго алышты.

1991-жылдын 27-октябрында Түркмөнстан Советтер Союзунан көз карандысыздыгын жарыялады жана Сапармурат Түркмөнбашы шайлоодо биринчи президент болду.

2005-жылдын 27-октябрында Парижде Түндүк Африка тектүү эки мусулман баланын өлүмүнөн кийин нааразылык акциялары башталды. Өлкө боюнча жайылган окуяларда 300 имарат жана 10 миң унаа өрттөлдү. 3 жумага созулган кагылышууларда 130 адам жаракат алды.

2017-жылдын 27-октябрында Гонконгдо чыгарылган жана карыларга жардам берүү максатында долбоорлонгон «София» аттуу роботко Сауд Арабия жарандык берди. София жарандык алган биринчи робот болду.



Тектеш кабарлар