Тарыхта бүгүн
Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.
1514224
1882-жылдын 24-октябрында германиялык илимпоз Роберт Кох кургак учуктун микробун аныктады. Бул ачылыштын негизинде өлүмгө алып келген кургак учук оорусун дарыласа болоору билдирилди. Кох 1905-жылы физиология же медицина боюнча Нобель сыйлыгын алды.
1929-жылдын 24-октябрында чоң экономикалык рецессиянын белгилери байкала баштады. Нью-Йорк биржасында акциялардын баасы тездик менен түшө баштады.
1975-жылдын 24-октябрында Түркиянын Париждеги элчиси Исмаил Эрез жана анын айдоочусу Талип Йенер, террордук уюм АСАЛАга мүчө армян террористтери тарабынан Париждеги Бир-Хакейм көпүрөсүндө шейит кылынды.