Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1514219
Тарыхта бүгүн

1956-жылдын 23-октябрында Венгрияда СССРдин оккупациясына жана үстөмдүгүнө каршы көтөрүлүш башталды. Өлкө боюнча жайылган митингдерде советтик жоокерлердин өлкөдөн чыгарылышы талап кылынды. СССР Венгрияны басып алууну чечти жана Кызыл армия борбор шаар Будапештти курчоого алды. Премьер-министр Имре Надь Советтер Союзуна каршы БУУдан жардам сурап кайрылды, бирок ал күткөн колдоону таба алган жок. Оккупациядан кийин СССР тарабынан түзүлгөн Венгриянын жаңы өкмөтү, премьер-министр Имре Надь да арасында болгон 300дөн ашуун башкаруучу жана активисттерди өлүм жазасына тартты. 1989-жылы Надды эскерүү салтанатына 100 миң венгр катышты жана Венгрия мамлекети Наддын кадыр-баркын кайтарып берди.

1983-жылдын 23-октябрында Ливандын борбор шаары Бейрутта Америка жана Француз тынчтык күчү штабдарына жарылуучу зат жүктөлгөн жүк ташуучу машиналар менен жан кечтилик кол салуу жасалды. 241 америкалык деңиз жөө аскери жана 58 француз аскери курман болду.

2011-жылдын 23-октябрында Түркия Республикасынын тарыхындагы эң чоң эки жер титирөө Ванда удаама-удаа болду. 6,7 баллдык биринчи жер титирөөдөн 18 күндөн кийин бул ирет 7,2 баллдык жер титирөө катталды. Эки жер титирөөдө 644 адам каза болуп, 4 миңден ашуун адам жаракат алды. Ван жана анын тегерегиндеги райондордогу 3 миңге жакын имарат да урандыга айланды.



Тектеш кабарлар