Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1512751
Тарыхта бүгүн

1962-жылдын 22-октябрында "Куба ракеталык кризиси" башталды. АКШнын президенти Жон Кеннеди Кубада советтик ракеталардын бар экенин расмий билдирди жана Фидель Кастронун тушундагы Кубага каршы санкциялык чечимдерди дүйнөгө жарыялады. Американын деңиз флоту Кубаны блокадага алды. Дүйнө жүзү биринчи жолу өзөктүк согуш коркунучуна туш болду.

1975-жылдын 22-октябрында Түркиянын Венадагы элчиси Даниш Туналыгил үч армян террористи тарабынан шейит кылынды.

1983-жылдын 22-октябрында Германияда жана Францияда бир эле мезгилде өткөрүлгөн ядролук куралга каршы демонстрацияга 1 миллион 500 миң адам катышты. Митингге чыккандар өзөктүк куралды жок кылууну жана атомдук электр станцияларын токтотууну талап кылышты.



Тектеш кабарлар