Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-115

Түрк элдеринин адабиятынан – Кыргыз адабиятынын поэзиясынан

1506986
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-115

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында кыргыз адабиятынын поэзия жаатындагы жазма акындары жана алардын чыгармаларынын тарыхы тууралуу кеп кылабыз.

Кыргыз эли басып өткөн узак жана татаал жолунда жалпы түрк эли менен орток жазма маданиятка ээ болуп келгени ырас. Байыркы Орхон-Энесай таш жазмалары буга күбө. Кыргыз элинде орто кылымдарга тийиштүү так жазма маалыматка ээ болбосо да улуу жомок, улуу дастандары эл ичинде жашап келет. Көрөңгөлүү кыргыз кенчинде бекеринен улуу “Манас” үчилтиги жаралбаса керек. Ал кылымдар бою айтылып муундан-муунга өтүп сакталып келип кыргыз адабиятынын уюткусун түзөт. Ал эми кыргыз жазма адабияты тууралуу кеп кылсак, бар болгону 19-кылымдын экинчи жарымында гана жазылып калыптана баштаган. Ушул кылымдардагы акын-жазуучуларды “молдо” деген наам менен кошуп аташкан. Анткени, алардын кат-сабаты эрте жазылып, арап тамгасы менен алгачкы кыргыз поэзиясынын үлгүлөрүн жаратышкан. Молдо Кылыч, Алдаш Молдо, Молдо Нияз, Тоголок Молдолор мына ушул эң биринчи жазгыч акындар болуп саналат. Булар өз доорунун жарчылары болуп коомдун абалын, тарыхый окуяларды, бай-манап, кедей-кембагалдын жашоосун, мындан сырткары сүйүү, өлүм-өмүр, жаратылыш сыяктуу философиялык ырларын жазып калтырышкан. Совет доорунун орношу менен жашоонун жаңы өңүтү башталып, ошол нукта ырлар жарала баштаган. Ал кезде Жутакеев, Ысак Шайбеков, Тыныстанов, Токомбаев, Баялинов, Элебаев, Маликов жана башка чыгаан акын-жазуучулар ошол учурдун поэзиясын жаратышкан. Негизинен Ленин тууралуу, колхоз-совхоз тууралуу жана жаштарга дем берген эмгек ырлары мына ушул жылдары дембе-дем жарыяланып турган. Айрыкча бул доордо кыргыз коомчулугу орус жана батыш классикалык акын-жазуучулардын котормолорун окуп дүйнө таанымы кеңейе баштаган. Буларды которгон ошол эле кыргыз акын-жазуучулары болгон. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында акын-жазуучулар элдин тарткан кыйынчылыгын жана баатырларды сүрөттөгөн ырларды жаратышып элдин деми болушкан. Токомбаев, Осмонов, Узакбаев, Эралиев, Жусуев, Сарногоев сыяктуу акындардын ырлары ушул жылдардын поэзиясына үлгү боло алат. 60-70-жылдардагы поэзияга караганыбызда, акындардын саясий-идеологиялык жана пропогандалык чыгармаларынан сырткары, адамдын ички психологиясына үңүлгөнүн байкоого болот. Жашоо-шарттын оңолушуна карата жана катуу саясий режимдин жумшарышына жараша ушул жылдарда кыргыз поэзиясы жаатында өтө жемиштүү жылдардан болуп, күчтүү ырлардын жазылганын окуй алабыз.

Улуттук аң-сезимдин көтөрүлүшү 80-жылдарга таандык болсо да, рухий мурастарга болгон көз караш 90-жылдарда тактап айтканда, эгемендүүлүктөн кийин пайда болгон. Катылып жаткан тарыхый инсандарга арналган чыгармалар мына ушул жылдардан баштап жарыяланып акындар үчүн жаңы доор башталган. Совет доорундагы идеологиялык ырлардын ордун бул жаңы доордо ар бир акын эркин дүйнө таанымын жазып ар кыл темада чыгармаларын жарата баштаган. Меңди Мамазаирова, Алтынбек Исмаилов, Жылдызбек Турсунбаев, Жыргалбек Касаболотов, Мирлан Самыйкожо, Бердибек Жамгырчиев сыяктуу жаңы муун акын-жазуучулардын поэзия дүйнөсү жаңы турмуштун, жаңы замандын, сөз эркиндигинин деми менен саясатты да, дүйнөнү да, адамзатты да жаңы көз караш менен баалап күчтүү ырларын жаратып келишет.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программабызда кыргыз поэзиясы тууралуу учкай кеп болду. Кыргыз поэзиясы өтө терең, өтө кызыктуу жана ар кылдуу. Поэзия тарыхына абай салганыбызда буга чейин өтө көп китептер жарыяланып чыкканын көрүүгө болот. Муну - кыргыз элинин ырга жакын болуп, ар кылымдын жана ар муундун өз акындарынын жаралганы менен түшүндүрө алабыз. Мындан кийин да поэзиянын көчү үзүлбөй жаш акын-жазуучулардын эркин көз караштагы чыгармаларынын учугу улана берээрине ишенебиз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар