Буларды билесиздерби?

«Анзер балы»

1503142
Буларды билесиздерби?

Кара деңиздин Анзер жайлоосунда өндүрүлгөн бал дүйнөдө окшошу жок бал.

Анзер балы Түркияда Ризенин Икиздере районунда Анзер жайлоосу деп аталган аймагында өндүрүлөт. Аарылардын аймактагы эндемикалык тактап айтканда бир гана ал аймакта өскөн гүлдөрдөр  чогулткан балдардан тургандыктан да ароматы жана даамы менен да башка  балдардан айырмаланып турат.

Чет элдик ботаниктердин жүргүзгөн изилдөөсүнө караганда Анзер балы өндүрүлгөн чөйрөдө 500гө жакын гүлдүн түрү бар. Бул гүлдөрдөн 90ну дүйнөдө бир гана Анзер жайлоосунда өсөт. Чектүү гана өндүрүү аянты болгондуктан Анзер балы дүйнөнүн өзгөчө балы болуп саналат.

Адамдын ичине киргенде күчтүү антидиоксит таасирин жараткан Анзер балы иммунитет системасын күчтөндүрүп оорудан сактагууга жардам берет. Оорулардын айыгуу процессине да оң таасири болгон Анзер балынын антибактериялык өзгөчөлүктөрү да бар. Ичинде С витамини, кальций жана кальцийди камтыган көптөгөн пайдалуу заттар болгон Анзер балынан күндө бир аш кашык жеп туруу пайдалуу. Ичинде шекер көп болгондуктан күндө бир аш кашыктан ашыкча жебеш керек. Өзгөчө диабет сыяктуу өнөкөт оорусу жана аллергиясы болгон кишилер Анзер балын жегенден мурда сөзсүз дарыгер менен кешеши керек.



Тектеш кабарлар